Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу

Россия Европага кол салат деген болбогон кеп! Путин Батыштын калпы тууралуу

Россия лидери Батыштын бүт дүйнөнү коркутуп жатышы өзөктүк курал колдонуу коркунучун жаратарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда Россия Европага кол салууга камынып жатат деген батыштык саясатчылардын пикирин болбогон кеп деп атады.
РФ лидеринин айтымында, Батыш Украинага, Жакынкы Чыгышка жана башка дүйнөнүн аймактарына от жагып, калп айтканды улантып жатат.
"Эми уялбастан Россиянын Европага кол салуу ниети бар деп чыгышты. Алар келжиреп жатканын баарыбыз түшүнүп турабыз. Өздөрү болсо биздин аймакка сокку уруу үчүн буталарды, кыйратуунун эң эффективдүү делген каражаттарын тандап отурушат. Украинага НАТОнун аскердик контингенттерин жөнөтүү тууралуу сүйлөп калышыптыр, бирок бир кезде биздин өлкөнүн аймагына жөнөтүлгөн армиялардын тагдыры эмне болгонун эстеп коюш керек. Эми келиши мүмкүн болгон интервенттер үчүн кесепеттер алда канча кайгылуу болот. Аларга таамай тие турган куралыбыз арбын экенин түшүнүүлөрү керек", — деди Путин.
Россия лидери Батыштын бүт дүйнөнү коркутуп жатышы өзөктүк курал колдонуу коркунучун жаратарын кошумчалады.
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Путин: Батыш Россияны өнүктүрбөй, алсыратып, каалаганын жасагысы келет