Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди. Видео

Ал мектептер Бишкекте, Караколдо жана Баткенде салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанда алгачкы үч орус-кыргыз мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземине видеокөпүрө форматында катышты.
Ал мектептер Бишкекте, Караколдо жана Баткенде салынат. Бүгүн үч жерде тең капсула салуу аземи болуп, эки өлкөнүн президенттери курулушка старт берди.
Жапаров өлкөдө россиялык билимге, орус тилин үйрөнүүгө кызыгуу күчөгөнүн белгиледи.
"Кыргызстан жаштарынын Россияда билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу акыркы жылдары өзгөчө байкалууда. Россия менен билим берүү тармагында кызматташуу бекемдеп, натыйжалуу болуп жатат", — деди Жапаров.
Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.
Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин салынып бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат. Бүтүрүүчүлөргө эки аттестат берилет.
Кызыл-Кыяда РКӨФ колдоосу менен жеке мектепке жаңы корпус салынды. Видео