Маданият министрлиги Россиянын улуттук театры менен кызматташмай болду

Меморандумга КР маданият министри Алтынбек Максутов жана аталган театрдын директору Сергей Емельянов кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын Улуттук драма театры кызматташат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка караганда, театралдык искусство жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган меморандумга маданият министри Алтынбек Максутов жана аталган театрдын директору Сергей Емельянов кол койду.
Тараптар 1-июнда Бишкекте жолугуп, анда алдыда маданият, искусство, креативдүү индустрия жана адабият ишмерлеринин ортосундагы биргелешкен кызматташтык иш-чараларын уюштуруу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Емельянов квалификацияны жогорулатуу программасы "Улуттук театр мектеби" долбоорун 2023-жылы Кыргызстанда уюштуруу пландалып жатканын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар театр искусствосу жаатында биргелешкен пландарды ишке ашыруу үчүн эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгилешти.
Бишкекте "Орус сахнасынын тандалган образдары" аттуу көргөзмө ачылды. Видео