БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дмитриевкада террорчунун сөөгү күйүп кеткен үйдөн чыгарылып, "Жүк — 200" деген жазуусу бар микроавтобус менен алып кетишти.
Алдын ала маалымат боюнча, ал Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандыгы боюнча укук коргоо органдарынын каттоосунда турган.
Бүгүн ал УКМК менен ИИМдин спецназдарынын атайын операциясы учурунда жок кылынды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн таңда атышуу болуп ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрү куралдуу террорчуну кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Ал каршылык көрсөтүп, натыйжада күч түзүмдөрүнүн эки жоокери жарадар болуп, согушкер жок кылынган.