Улуу Британия Украинага акталган уран камтылган дүрмөттөрдү берүүгө ниеттенди. Алар Лондон Киевге тартуулай турган Challenger 2 танктарына пайдаланылат. Акталган уран кошуп снаряд жасоо — нацисттердин демилгеси, алгач ирет аларды 1991-жылы америкалыктар менен британиялыктар тарабынан Перс булуңунда, кийинчерээк андай снаряддар Югославия, Иракта колдонулган. Дал ошолордун айынан Сирияда онкологиялык илдеттер кескин өсүп кеткен белгилүү.
Лондон эмне үчүн буга белсенди?
Саясат таануучу Марс Сариев Украинадагы жаңжал курчуп, өзөктүк курамы бар баскычка өтүп баратканын белгиледи. "Эмнеликтен Лондон мындай кадамга барууну чечкенин түшүндүрүү үчүн Си Цзиньпиндин Москвага болгон сапарына көңүл буруу зарыл? Бул – Си мырзанын үчүнчү мөөнөткө шайлангандан кийинки чет өлкөгө алгачкы сапары.
Батыш мындайды күткөн эмес, себеби Дэн Сяопиндин убагынан бери кытай дипломатиясы этият, тынчтык сүйөр жана компромисстик нукта болгон. Ал эми бул жолку сапар Кытай Россияны колдогон бекем позицияда экенин айгинеледи.
Кытай лидери батыш ааламы, атап айтканда, англосактар Россиядан Украинанын колу менен арылып, андан соң Кытай менен алыша баштаарын эң сонун түшүнөт. Башкача айтканда, Батыштын КЭР менен жаңжалынан кача албайбыз, бул кырдаалда Пекинге ынанымдуу союздаш, бекем тыл керек", – деп талдайт Сариев. Ал РФ президенти Владимир Путинди "камоо" боюнча Эл аралык кылмыш сотунун чечими да ошондой кысымдын таасын далили экенин кошумчалады.
"Бул туурасында дал кытайлык лидердин Россияга келеринин алдында жарыяланганын да белгилей кетишим керек. Дал Лондон Эл аралык кылмыш сотунун чечимин демилгелегени да маанилүү. Мындай нерсе Си Цзиньпиндин сапарына тоскоол болуунун ыкмасы, себеби маңызында Путинди эл аралык кылмышкер деп жарыялашты. Батыштагылар Кытай кырдаалды талдап, баарын салмактап көрүп, сапарды токтотуп коет деп күткөн. Бирок баары тескерисинче болду", — дейт саясат таануучу.
Анын баамында, Улуу Британия Украинаны акталган уран кошулган ок-дары менен жабдуу туурасындагы билдирүүсү ал жактагы жаңжалды ого бетер курчутат.
"Өзөктүк кошулмалуу дүрмөттөр — өтө кооптуу курал. Босния менен Ирактын, Сербиянын жана ошол снаряддар колдонулган бөлөк өлкөлөрдүн ууланган территориялары тургай, ошол куралдарды аткан америкалык аскерлер да жаман кеселге кабылган. Батыш өз эркин таңуулоону улантууда, ошонун айынан дүйнө эки бөлүккө бөлүнүп, эки полярдуу болуп калды. Бир жагынан англосактар: Европа, АКШ жана аларды жактаган башкалары. Калгандары экинчи тарапта. Батыш саясатын Индия, Кытай, Латын Америка, Африка жана дээрлик бүтүндөй Азия мамлекеттери колдобойт", — деп эске салат Сариев.
Өзөктүк согушка жол берилеби?
Ошентсе да эксперт британиялык бийликтин аракеттери дүйнөнү өзөктүк согуштун жана жалпы кыйроого кептеп коёрун ойлобойт. "Менимче, Россия өзөктүк, ал түгүл чакан радиустагы тактикалык куралды пайдаланууга барбайт. Москванын Лондондун мындай кылыгына жооп берүүчү эки жолу бар: асимметриялык, бирок ошол эле убакта азыраак залал берүүчү — ошол эле "Циркондор" жана башка гиперүндүү ракеталар. Батыштын саясатынын айынан жаңжал дагы кеңейип, курч өтөт. Бирок мунун баары өзөктүк тирешке кептейт деген ойдон алысмын. Дал ошол АКШ, Улуу Британия, Европанын позицияларынан улам Си Цзиньпин менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү ийгилик менен бүтөрү күмөн", — дейт саясат таануучу.
Батыш үчүн согуштун зарылдыгы эмне?
Ошондой эле маектешибиз Батыш жаңы жаңжалдарды тутантууга түртүп жаткан себептер жөнүндө да кеп салды. "Бүгүнкү күндө Батыштын таянычы болгон АКШ терең каатчылыкты баштан кечирүүдө. Капиталисттик тутум 1970-жылдардын аягынан бери кыйроо алдында турат. Болгону анын мөөнөтүн Советтер Союзунун ыдырашы гана жылдырып койгон.
Капитализмге дайым өсүш түйүнү, башкача айтканда, талап-тоноо үчүн жаңы территориялар зарыл. Ал эми бүгүн андай аймак дээрлик калган жок. Ошол себептен Батыш Украина жаңжалы аркылуу Россияны кыйратууга умтулуп, анын артынан Кытай менен алышууга киришет", — деп түшүндүрөт Сариев.
Россияга каршы согуш. Кезекте ким?
Батыш Пекинге кысым көрсөтөрүн AUKUS аскердик блогунун түптөлүшү таасын тастыктап турат. "Улуу Британия, Австралия менен АКШнын союзу дал Кытайга каршы чара көрүү үчүн түзүлгөн. Батыш он жыл алдыны ойлоп, ошого жараша пландайт. Ошондуктан жакын арада Түштүк-Чыгыш Азияда да жаңжалга күбө болушубуз ажеп эмес. Бирок Батыш эки фронтто согушары арсар, аларга азыр украиналык жаңжал көбүрөөк маанилүү. Байкасаңыздар, Гаага соту Россия президентин "камоо" жөнүндө чечим чыгаргандан тарта уйгур укук коргоочу уюмдары жандана түштү. Алар Эл аралык сотту уйгурлардын кыргынына Си Цзиньпиндин да жоопкерчилигин кароого чакырууда. Анткен менен ал жакта дегеле андай нерсе жок, баары батыш пропагандасы жайылткан жалгандар", — деп белгилейт саясат таануучу.
Борбор Азиянын буга кандайча тиешеси бар?
Сариев КЭРдин Синьцзян Уйгур автономдуу району кырдаалды чайпалтуу үчүн тегин жерден тандалбаганын айтат.
"Сары деңиздин Кытай тараптагы жээги менен Тынч океан аймагы өтө бекем корголгон. Ал эми КЭРдин Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен Синьцзян Уйгур автономдуу району абалды туруксуздаштыруу жагынан өтө кооптуу. Эгер Борбор Азия Афганстандан согушкерлердин уюшкандыкта басып кириши менен "чайпала түшсө", бул андан ары тарап Синьцзянга өтүп, кийин Тибетке ооп отуруп, Кытайдын чордону — Сычуань провинциясы от ортосунда калат. Бул биз үчүн да кооптуу, себеби Афганстанда террордук топтор активдүү аракеттерге камынып жатышканы тууралуу маалыматтар бар. Кайрадан Кытай менен Россиянын союзуна кайтабыз: Пекин Москва менен мамилесин чыңдап жатканына анын Борбор Азиянын коопсуздугун камсыздоодо негизги оюнчу экени да себеп", — деп белгилейт эксперт.
Сариевдин айтымында, батыш өлкөлөрү азыр Кытай менен согушууга камынбаса да, Россиянын айланасында "экинчи фронт" ачууга тырышканын коюшпайт.
"Грузиядагы соңку окуялар жана бийликти кулатуу, Армения менен Азербайжандын ортосуна от жагуу аркылуу Кавказды чайпалтуу, Нахичеван жана ирактык Күрдстандын аймагынан чыккан дрондордун чабуулу менен Иранды Түркияга кагыштыруу аракеттери, ошондой эле былтыр Казакстандагы, андан мурун Беларустагы окуялардын баары бир чынжырдын шилтемдери. Батышка жер-жерлердеги кагылыштар, андан да жакшыраагы Россияны кыйратуу планын ишке ашыруу үчүн анын тегерегиндеги жаңжалдар зарыл. Согуштар Батыштын эбегейсиз карыздарын жокко чыгарат, өлкөлөрдү тоноп, өзүнүн каржылык каатчылыгынын эбин табууга шарт түзөт", — деп оюн жыйынтыктады саясат таануучу.