Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Зеленскийдин капитуляциясынын мөөнөтү айтылды

Буга чейин мурунку чалгынчы өлкө президенти Владимир Зеленский жеңилүүгө дуушар болуп, Адольф Гитлердин тагдырын кайталайт деген оюн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Украинанын аскердик машинасы ушул жылдын күз айларында толугу менен жок кылынат. Бул тууралуу АКШнын Деңиз пехота корпусунун мурунку чалгын офицери Скотт Риттер өзүнүн YouTube каналындагы блогунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина бул жаңжалда жайдын соңуна жетпейт. Жайдын ортосу менен болгон ок-дарысын түгөтөт. Артиллериялык согушта снаряды жок калуу биротоло жок болуу дегенди түшүндүрөт", — деген адис.
Риттер Украина Куралдуу күчтөрү талкаланып, ушул жылдын октябрь айында калгандары туткундаларын божомолдоодо.
Буга чейин мурунку чалгынчы өлкө президенти Владимир Зеленский жеңилүүгө дуушар болуп, Адольф Гитлердин тагдырын кайталайт деген оюн билдирген. Офицердин айтымында, Украинанын Куралдуу күчтөрү кыйын абалда, андыктан лидеринин азыр өлкөдөн чыгып кетүүдөн башка айласы жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина жеңеринен күмөнсүй баштады