Радио

Кыргыз таануучу: уруу түшүнүгүн бөлүнүү менен алмаштырбаш керек

"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кыргыздын уруу түшүнүгү үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Sputnik
Тукум калтыруу эмес, тукум улоону көбүрөөк ойлонушубуз керек. Анткени бул элдүүлүктү сактап калуучу чоң жоопкерчилик. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз санжырасын саясатка аралаштырып, бөлүнүп-жарылуу катары пайдалануу улутту жакшылыкка алып келбейт.
"Эмне үчүн кыргыз уруу түшүнүгүн ушул күнгө чейин таштап коё албайт? Анткени бул элдүүлүктүн чен бирдиги. Кыргыздар мамлекети, мамлекеттүүлүгү жок замандарды башынан кечиришкен, бирок элдүүлүгүн так ушул санжырасы менен сактап кала алган. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, мамлекетибиз бар, бирок элдүүлүктөн ажырап бара жатабыз. Азыркы Кыргызстан элдүүлүктүн, элдин эмес жеке жарандын өлкөсү. Ал бир адам өзүндө жашаган каалоо, муктаждыктарын канааттандырганга жан үрөйт. Ошондуктан да ажырашуулар көп болуп, мамлекеттүүлүктүн пайдубалы болгон үй-бүлө институту жабыркоодо. Тарых көрсөткөндөй эгер улутта элдүүлүк сакталып калса, ал улут жоголбойт, эртедир-кечтир өз мамлекетин түптөйт. Бул жерде уруу түшүнүгү маанилүү роль ойнойт. Карап көрсөк кыргыз үч канаттан турат, канаттардан уруулар, андан урук, тукум тарайт. Ар бир тукум үй-бүлөлөрдөн турат. Мына ушул жерден биз үй-бүлө институту кыргыз үчүн канчалык маанилүү экенин көрө алабыз. Үй-бүлө институтун бекемдөөдө уруу түшүнүгү зарыл экени ачыкталат. Андыктан уруу түшүнүгүн бөлүнүү катары карабай туура колдонуу зарыл", — деди Мураталиев.
Ал санжыраны туура чечмелөө, тескерисинче, ынтымакка чакырарын кошумчалады.