Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Россияны уюмдан чыгаруу чакырыгына жооп берди

Россияны уюмдун катарынан чыгарууну Украина ТИМинин жетекчиси сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. БУУ кайсы бир өлкөнү уюмдан чыгаруу тынчтык өкүм сүрөрүнө кепилдик бербейт. Бул тууралуу баш катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
26-декабрда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россияны БУУнун катарынан чыгарууга чакырган. ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба Россияны уюмдун Коопсуздук кеңешинин курамынан чыгаруу боюнча маселени көтөрөрүн билдирген.
"Сурообуз жөпжөнөкөй: Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү бойдон калууга, негизи эле Бириккен Улуттар Уюмунда болууга укугу барбы?" — деген ал.
Министр Украина бийлиги февралдын соңунда БУУнун аянтчасында тынчтык саммитин өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Бирок иш-чарага Россиянын катышуусу тууралуу суроого Кулеба мындай кадам "аскердик кылмыш боюнча эл аралык сот" болуп өткөндөн кийин гана мүмкүн болорун айтып жооп берди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина НАТО танкаларынан ала элек жатып кол жууп жатат