Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина НАТО танкаларынан ала элек жатып кол жууп жатат

© AP Photo / Mindaugas KulbisLeopard 2 танкасы. Архив
Leopard 2 танкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Жазылуу
НАТОнун Киев режимине мындан аркы көрсөтүлчү жардамы эми Ак үйдүн каалоосунан эле көз каранды боло албайт.
Россиянын Куралдуу күчтөрү Киев режиминин аскерлештирилген топторун жок кылып, ошол эле учурда АКШ менен НАТО эбегейсиз күч-кубаты тууралуу кепти жокко чыгарууда. Американын Украинадагы деми акырындык менен сууп, Киевге убадаланган альянс танкаларынын саны да, сапаты да төмөндөөнүн үстүндө. Бул АКШ менен Европанын көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтып, асмандабай жерге түшүп жатканынын белгиси.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус 15-февраль күнү Киевге көрсөтүлчү батыштын колдоосу ишке ашпай калганын моюндагандай болуп, НАТОнун апрелде жөнөтүлчү танк жардамы боюнча "батальондун көлөмүнө жеткире албайбыз" деп чама-чаркын ачыктап койду.
Украинанын Куралдуу күчтөрү НАТОнун ар кыл модификациядагы Leopard танкаларын "донорлор" убадалаган көлөмдөн кыйла аз ала турган болду. Германия менен Португалия гана Leopard-2нин согуш талаасына кире алган A6 версиясын (17) жөнөтүүгө даяр. Польша ушул эле танканын эски A4 түрүнөн 30дайын камдаганга жетишти. АКШнын кысымы менен "танк коалициясына" кирген Дания менен Нидерланддар Leopard-2лерин берүүдөн баш тартты.
Буга чейин (7-февраль күнү) Германия өкмөтү Киевге 178 эски A5Leopard-1 берүүнү колдогон, анын 20дайы жайында берилип, калганы 2024-жылдын башында жөнөтүлмөк. Бул танкалардын чыгышка карай бет алары күмөн, анткени, 1960-жылдары чыккан бул "антиквариатты" алгач "бутуна тургузуп", андан соң тартыш болуп жаткан 105-миллиметрлүү снаряд менен камсыздоо зарыл.
НАТОнун европалык мамлекеттери Украинага "жазгы чабуулу" үчүн көп нерсе убадалаганы менен иш жүзүндө бергени азыраак. "Кошумча мүмкүнчүлүк" дегендер сөз бойдон калууда. Альянстын штаб-квартирасында өткөн жолугушууда Британия, Нидерланддар, Норвегия, Швеция жана Даниянын өкүлдөрү Украина үчүн эл аралык фонддун (IFU) 240 миллион долларлык "жардам пакети" (танк үчүн тетиктер, учкучсуз аппараттар ж.б.) боюнча макулдашышты. Батыштын аскердик продукциясынын баасын эске алсак жардамдын суммасы көп ынандырбайт. Польша "НАТОнун чыгыш флангында" Украинага курал-жарак менен ок-дарыны "үзгүлтүксүз" жөнөтүп турууга атайын кампаларды уюштурууну сунуштады.
Бул жерде аталган кампаларды ким, эмне менен, кайсы мөөнөттө толтуруп турат деген суроо жаралат. Атайын операция башталган 350 суткадан бери Украина армиясы НАТОнун 155-миллиметрлүү снарядынан эле эки миллиондоюн сарптады. АКШ менен альянска ал снаряддарды даярдоо үчүн бир нече жыл жана 10 миллиард доллар талап кылынат. Америка бүгүн "өз арсеналында снаряд, ракета, патрондордун болуп көрбөгөндөй жетишсиздигине" туш болуп турат, ал эми өлкөнүн аскер өнөр жай комплексинин ок-дарыны мынча тездик менен өндүрүүгө дарамети жетпейт.
НАТОнун Киев режимине мындан аркы көрсөтүлчү жардамы эми Ак үйдүн каалоосунан эле көз каранды боло албайт. Франциянын Les Echos басылмасы "Россиядан корккону үчүн" Түндүк атлантикалык альянс өлкөлөрү приоритетин өзгөртүп, өз армиясынын камын көрө баштагынын, Украинага курал жөнөтүүгө көп көңүлдөнбөй жатканын жазып чыкты. Атүгүл АКШ конгрессинде да Киев режимине аскердик жардамды чектөөгө чакырган мыйзамчылардын катары калыңдоодо.
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Брюсселдеги жолугушуу жана "Рамштайн-9". Украинанын кызыкчылыгы кайда калды?

Жазгы чабуул

Атайын операция жүрүп жаткан аймакта РФ Куралдуу күчтөрү Украина менен НАТОнун аскердик объектилери менен логистикасын жок кылып келет. 16-февралга караган түнү Украинанын Полтава, Черкас, Львов жана башка облустарында жогорку тактыктагы соккулар катталды. Киев 32 канаттуу ракета учуп келгенин, анын ичинде Украинанын (НАТОнун) абадан коргонуу комплекстери каршылык көрсөтө албаган 12 Х-22 ракетасы бар экенин билдирди. Батыш өзү Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн артыкчылыгын жана аскердик потенциалын жогору баалап жаткан чакта НАТОнун стратегдери Украина армиясын абадан коргобой туруп кантип чабуулга өткөрөт деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Киев режими 11 айда жүз миңдеген жоокеринен айрылган.
РФ куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери Украинанын 7 890 сооттолгон техникасын, 4 100 артиллериялык куралын, 3 150 учкучсуз аппаратын, 590 учак жана тик учагын жок кылган (https://t.me/mod_russia/24202), мунун арасында батыштын да куралы бар. Москва Украинага келген Abrams жана Leopard танкалары да буга чейинкилериндей эле күйүп жок болорун айтып келет. Россиянын коргонуу өнөр жай комплекси технологиялык согушту утуп алды, Куралдуу күчтөрү эки тизгин бир чылбырды өз колуна алып, үстөмдүк кылып келет. Эми Россиянын көп полярдуу дүйнөдөгү жаңы макамын (Пентагон да мойнуна алды) атайын операциянын баштапкы максатына жеткени менен каттап коюу калды.
Убакыт — баалуу ресурс. Кытай аналитиктеринин украин армиясын батыштын курал-жарагынан изоляциялоо жолу менен атайын операцияны тездетүү сунушун пайдаланса болчудай, анткени Киев режими толугу менен АКШ жана НАТОнун жардамынан көз каранды. Балким РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы азыр жүрүп жаткан прокси-чатактын арты менен Батыштын арсеналын толугу менен жок кылууну көздөп жаткандыр, бул дагы жакшы вариант. Канткен менен аскердик атайын операциянын башкы максаты — аймакты көзөмөлдөө эмес, каршылаштын армиясын, аскердик потенциалын жок кылуу. Айтор, жаздын келиши менен көп нерсе өзгөрчүдөй.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский америкалык Newsweek журналына маек куруп жатып: "Эгер сиздер өзөктүк держава менен каршылашып, өзөктүк державага сокку урууну максат кылып жатсаңар биздин кайтарчу жообубуздун бардык түрүн дыкат талдап чыгышыңар керек" деди. Башкача айтканда, Полянский АКШга узатылчу россиялык жооп тууралуу эскертти. Ал эми Америка болбосо НАТО да кыйрайт.
АКШнын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын экс-кызматкери Ребекка Коффлер Украина президент Жо Байден үчүн экинчи Афганистанга айланып бара жатат деген пикирде. Ак үйдүн Украина боюнча же бир стратегиясы, же бир так максат, планы жок, согуштук аракеттер "учу-кыйыры көрүнбөгөн чырга" айланууда. Таң калуунун деле кажети жок.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин 15-февраль күнү Брюсселде "Тарых НАТО альянсынын чечкиндүүлүгү менен күчүн унутпайт" деди. Ал айткан 70 жылдан ашуун убакыт жеңилүүнүн гана мезгили болбоду беле, бир да аскердик жеңиш катталган эмес...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасына жакын жердеги скульптура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Европаны согушка жөнөтүүгө даярдап жатат. Абалга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0