Тарыхый чыгармалардын устасы 92 жашка толмок. Төлөгөн Касымбековдун сүрөттөрү

Бүгүн — залкар калемгер, Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбековдун туулган күнү. Жазуучунун көзү тирүү болгондо 92 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы 45 жашка келгенге чейин балалуу боло албай жүрүп, жубайы жолдошунун тукуму улансын деп өз эрки менен экинчи аял алып берет. Ошентип Касымбек ата 45ке чыккан кезинде уулдуу болуп, болочоктогу жазуучу төрөлгөн. Ал кичинекей кезинен эле тарыхый уламыштарды угуп өскөн.
Төлөгөн Касымбеков 15 жашында атасынан айрылып, апасы экөө кыйын турмушту башынан өткөрүп жетилген. Ошондон улам ал жаңы нерсени үйрөнгөнгө, билим алганга талпынган. Мектепте окуп жүргөн кезинде ыр жазып, дубал гезит чыгарган. Залкар жазуучунун алгачкы чыгармасы "Кичинекей жылкычы" повести болгон. Кийин "Алымкан", "Адам болгум келет" повесттери, "Келкел","Баскын", "Кыргын" романдарын окурмандарга сунуштаган. Андан соң 40 жашында атактуу "Сынган кылыч" тарыхый романын жазган.
Кыргыз эл баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
1 / 13

Төлөгөн Касымбеков КМУнун филология факультетин аяктап, "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, башкы редактору болуп иштеген

2 / 13

Пахта терген студенттер. Төлөгөн Касымбеков оңдон экинчи турат.

3 / 13

Аскерде кызмат өтөп жүргөн жылдар

4 / 13

Залкар жазуучу апасы жана балдары менен

5 / 13

Касымбеков 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп иштеген. Сүрөттө ал калемдештери менен.

6 / 13

Болочоктогу жазуучу студент кезинде чыгарма жазып акча тапкан. Сүрөт студенттердин жатаканасынын жанында тартылган.

7 / 13

Кыргыз интеллигенциясы. Москвада ак калпак кийген Касымбеков, жанында Чыңгыз Айтматов жана калемдештери.

8 / 13

Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова экөө. Түгөйлөр беш уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн.

9 / 13

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары ал жылдары колдон-колго өтүп окулган. Сүрөттө залкар жазуучу окурмандары менен.

10 / 13

Союз маалында жазуучунун чыгармалары цензуранын каралоосуна туш болуп, калемгер бут тосууларга да кабылган

11 / 13

"Сынган кылыч" тарыхый романы Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулуп, кийин англис тилинде да жарык көргөн

12 / 13

Жазуучу коомдук-саясий турмушка активтүү катышып 1990-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган

13 / 13

Кыргыз эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам 2011-жылы 17-июнда 80 жашында бул дүйнөдөн кайткан

Тема боюнча:
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү