Жер казынасын иштетүү жана экологиянын корголушун көзөмөлгө алуу функциясы бир министрликке берилип калганы туура эмес. Мындай пикирин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өз ишин өзү көзөмөлдөп калууда.
"Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2035-жылдарга геологиялык жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга койду. Анда аталган тармактарды, анын ичинде ар бир кен байлыкты иштетүү, өнүктүрүү боюнча маселелер көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, лицензия берүүдөгү абал көрсөтүлгөн. Жалпысынан концепцияда аталган тармактагы абал, соңку көрсөткүчтөр, көйгөйлөр тизмектелип, бул тармакты өнүктүрүү үчүн багыт болуп берет. Ошол эле учурда Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясы концепцияга бир катар сунуштарды бердик. Алсак, эң алгач аталган тармакты башкаруу системасын туура тандоо зарылдыгы турат. Анткени Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жер казынасын иштетүү, кайра экологиянын корголушун көзөмөлгө алуу функциясы жүктөлгөн. Бул — министрлик өзүнүн ишине өзү көзөмөл кылат дегендик. Мындай ыкма жакшы натыйжа бербейт. Ошондуктан министрлер кабинетинин жыйынында жалгыз ушул министрлик начар баага татыды", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал концепциянын негизинде ишке ашыруу мөөнөтү, каржы булагы жана аны аткарууга жоопкерчиликтүү мекемелер так көрсөтүлгөн программа иштелип чыгышы зарылдыгын кошумчалады.