Россияга бараткан жарандар үчүн Бишкек, Ошто миграциялык борборлор ачылат

Ал жерден жарандар дактилоскопия жана медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу зарыл процедуралардан эртерээк өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россияга бараткан мигранттар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграциялык борборлор ачылат. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламентте билдирди.
Анын айтымында, жарандар ал жерден дактилоскопия жана медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу зарыл процедуралардан эртерээк өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Миграциялык борборду ачуу тууралуу министрлик менен Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашууга кол коюлган.
"Бишкектеги борбор үчүн болжолдуу имаратты таптык. Жакында Россиядан келип карашат. Жарандардын көбү Оштон кетип жаткандыктан ал жакта ачабыз. Имаратыбыз бар. Мекендештерди даярдыктан өткөрүп, анан жөнөтөбүз", — деди Базарбаев.
Ошондой эле ал эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 11-сентябрда Москвага барарын айтты. Анда миграцияга байланышкан ушул сыяктуу маселелер талкууланары жана Россиянын ички иштер министри менен да жолугары пландалып жатканы белгилүү болду.
Путин мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу идеясын колдоду