Экономика министрлиги улуттук валютаны "жеригендерге" чара көрүлөрүн эскертти

Сом менен соода жүгүртүү милдети бир катар мыйзамдарда жана өкмөттүн токтомунда камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги өлкө аймагында бааны улуттук валюта менен көрсөтпөгөн жана соода кылуудан баш тарткандарга чара көрүлөрүн эскертти.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 9-беренеси жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык, товарлардын баасы (тарифи), кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы прейскуранттарда, бааны көрсөткөн кагаздарда Кыргызстандын улуттук валютасында чагылдырылышы шарт. Мындай талаптар соода эрежелерин жөнгө салган министрлер кабинетинин токтомунда дагы коюлганы белгиленди.
Министрликтин маалыматы боюнча, товарлардын баасы (тарифи), кызмат көрсөтүүлөр прейскуранттарда, бааны көрсөткөн кагаздарда улуттук валютада чагылдырылбаса жеке жактарга — 1 000 сом, юридикалык тараптарга 5 000 сом айып салынат. Ошондой эле улуттук валютаны (банкнота, тыйын) кабыл алуудан баш тарткан жеке жактар — 3 000, юридикалык жактар 13 миң сомдук айыпка жыгылат.
Евро менен доллардын курсу эмнеге түшүп кетти. Улуттук банктын жообу