Евро менен доллардын курсу эмнеге түшүп кетти. Улуттук банктын жообу

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы күндөрү евро менен доллар бир топ арзандап кетти.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Улуттук банктан Кыргызстандагы евро менен доллардын курсунун арзандап жатышы эмне менен байланыштуу экендигин айтышты.
Эске салсак, акыркы күндөрү Европа менен АКШнын валютасынын баасы түшө баштаган. Тагыраагы, 29-мартта сатып алуу 84 сомдон башталса, сатуу 86 сом болгон, ал эми евро 93 (сатып алуу ) жана 95 сомдун ( сатуу) ортосунда турган.
Мамлекеттин башкы банкынан курсту рынок, саткандар менен сатып алгандар түзө тургандыгын айтышты.

"Алмаштыруу курсу чет элдик валютага болгон элдин, ар кыл бизнестин суроо-талабынан улам калыптанат. Ага ички жана тышкы факторлор да таасир этет. Демек, доллардын курсунун арзандашына чет элдик валютага болгон сунуштан ага болгон суроо-талаптын төмөндөп кетиши, андан сырткары, Кыргызстандын соода өнөктөштөрүндө улуттук валютанын долларга карата бекемделиши да себеп болду", — деп айтылат УБнын берген маалыматында.

Аны менен катар финансылык регулятордон евронун сомго карата алмаштыруу курсу долларга болгон кросс-курстун жардамына байланыштуу.
"Башкача айтканда, евронун сомго карата алмаштыруу курсуна байланыштуу эки нерсе бар: алар — евронун долларга болгон курсу, ал дүйнөлүк валюта рыногунда калыптанат. Экинчиси — Кыргызстандын ички рыногундагы доллардын сомго карата учурдагы курсу", — деп түшүндүрүштү аталган банктан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Доллардын Кыргызстанда 89 сомдон да ылдый түшкөнү катталды. Соңку маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0