Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда дүкөн тоноп, техниканы дароо сатыкка койгон адам кармалды. Видео

Суракта шектүү буюмдарды массалык башаламандык учурунда алганын мойнуна алган.
Sputnik
Алматыда дүкөндөрдүн биринде техника уурдаган Атырау шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Polisia.kz. басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, 22 жаштагы Т. аттуу эркек Тимирязев көчөсүндөгү "Белый ветер" аттуу дүкөндөн уурдаган техниканы сата турганын айтып, жарыя чыгарган. Полиция кызматкерлери ал жактан жети ноутбук, телефонго аксессуар жана көз айнектердин жээгине тагылган темир табышкан. Суракта шектүү бул буюмдарды массалык башаламандык учурунда алганын мойнуна алган.
Аталган кылмыш иши андан ары тергөө үчүн Бостандык районунун полиция башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмышка тиешеси бар деген адамдар изделип жатканы айтылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алматынын тартип сакчылары, мындан тышкары, уурдалган буюмдар сакталган батирди табышкан. Ал батирде үч кыз, эки эркек жашаары аныкталып, алар "Азия парк" соода үйүнөн бир нече дүкөндү тоногону белгилүү болгон.
Кармалгандардын кичүүсү 19, ал эми улуусу 28 жашта экени, баары шаарга ар кайсы аймактан келгени айтылды.
Тема боюнча:
Казакстандагы башаламандыкта көз жумгандардын саны айтылды
Өзбекстан Казакстан менен чек арасын убактылуу жапты