Кубайбергенов: Бишкек дагы деле илгерки ыкма менен сугарылууда 

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, быйыл эки ай бою суу көйгөйү жаралды. Акыркы 10 күндө гана суу берилип, азыр сейил бактар сугарылып жатат. 
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек тамчылатып сугаруу системасына өтүп жатат. Бул тууралуу калаа мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

Анын айтымында, сугат маселеси негизги көйгөй боюнча калууда. Ошондой эле ал бир нече жылдан бери кургакчылык болуп жаткандыктан автоматтык түрдө сугаруу системасы көйгөйдү чечүүнүн бирден-бир жолу экенин кошумчалады. 

"Ирригациябыз совет доорунан калган. Дагы деле чоң аталардын ыкмасы менен сугарып жатабыз”, — деди мэрдин милдетин аткаруучу. 

Мэрия: Бишкектин борборунда экологияга зыянсыз автобустар гана каттайт 
Кудайбергеновдун айтымында, тамчылатып сугаруу системасын киргизүү үчүн алгач пилоттук долбоор катары Манас проспекти менен Масалиев көчөсүнүн айрым жерлеринде башталды. 

"Быйыл эки ай бою суу көйгөйү жаралды. Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынан эч нерсе ала алган жокпуз. Акыркы 10 күндө гана суу берилип, азыр сейил бактарды сугарып жатабыз", — деди ал.

Кудайбергенов кошумчалагандай, суу тартыштыгынан улам газондор кургап, 200-300дөй көчөт куурап калды.