Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду

Муфтияттан аталган кеңешке 21 киши бекитилгенин билдиришти. Жаңы төрага Көчкөнбай Садиллаев мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, аталган кеңешке 21 киши бекиди. Жаңы төрага мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.
Аалымдар кеңешинин VII чакырылышына 61 талапкер ат салышууда
Көчкөнбай Садиллаев 1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 2003-2006-жылдары муфтийдин орун басары болуп иштеген. Аалымдар кеңешинин 1-2-3-5-6-чакырылышынын ардактуу мүчөсү.
Ал эми Бакыт Нурдинов Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болду.
Бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийди, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп Замир Ракиев бекиди.