Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу арзандады

Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ПЦР-тесттин баасын 788 сом деп бекитүү тууралуу бүгүн, 25-июнда, буйрук чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди
Натыйжада Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ПЦР-тесттин баасын 788 сом деп бекитүү тууралуу бүгүн, 25-июнда, буйрук чыгарган.
Азыркы тариф 1574 сом болуп турган, ал 786 сомго арзандаганы белгиленет.