"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып, калгандар Sinopharm вакцинасын алып жаткан.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда "Спутник V" вакцинасын мындан ары 60 жаштан өткөн же өнөкөт оорусу барлардан тышкары айрым ведомстволордун өкүлдөрү жаш курагына карабай алса болот. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.
Маалыматка караганда, вакцинаны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ИИМдин, УКМКнын, Коргоо министрлигинин жана Бажы кызматынын өкүлдөрү ала алат.
"Негизи эл менен тыгыз байланышта иштеген кесип ээлерин мурда эле биринчилерден кылып эмдөө пландалган. Биз ошол сценарий боюнча бара жатабыз. Эгер Sinopharm вакцинасы келсе, аны менен деле эмдей беребиз", — деди Кыргызбаев.
Медициналык кызматкер COVID-19дан вакцина сайыш үчүн шприцти тандап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Кыргызстан Япониядан 1,1 млн. доза вакцина жана аны сактаган муздаткыч сурады
Эске салсак, буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып жаткан. Ал эми башкаларга Sinopharm вакцинасы колдонулууда.
Март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыктарын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0