БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Баткен облусунда жугуштуу илдеттер ооруканасынын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
"Эски имарат 90 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы катары ыңгайлаштырылды. Анда бардык шарттар түзүлдү, жакынкы күндөрү эмерек менен камсыздалат", — деп айтылат билдирүүдө.
Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме
Башка аймактагы ооруканалар кандай оңдолуп жана жаңыларынын курулушу кайсы баскычка жетип калганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.