Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарындагы инфекциялык оорукананын курулуш иштери
Бишкек шаарындагы инфекциялык оорукананын курулуш иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Бишкек менен Ош шаарларында 100 орундуу жаңы ооруканалардын курулушу башталса, эми аймактардагы эски имараттарды толук оңдоп-түзөө менен медициналык жайлар даярдалууда.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Учурда өлкөнүн жети облусундагы ооруканалардын курулушу башталып, аларды бир же бир жарым айда бүткөрүү пландалып жатат. Бул туурасында өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Ал узаган жумада республикалык маанидеги эки шаарда — Бишкек менен Ошто 100 орундуу жаңы инфекциялык ооруканалар салына баштаганын эске салды.

Ал эми облустардагы бош турган имараттарды толугу менен оңдоп-түзөп, медициналык жабдуулар менен камсыздап, ооруканага айлантып жатышат. Бул пандемиянын экинчи толкунуна даярдык экендиги белгиленип, кыска убакытта бүткөрүү пландалганы айтылды.

Боронов: Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарылат

Облустардагы жаңы инфекциялык ооруканалар төмөнкү жакта жайгашмакчы:

  • Оштун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылы — 200дөн ашуун орун;
  • Жалал-Абаддын Сузак районунун Ленин айылындагы беш кабатуу лицей — 204 орун;
  • Баткендеги эски бейтапкананын имараты — 90 орун;
  • Чүйдөгү Токмок шаарында — 100дөн ашуун орун;
  • Нарындагы аскер бөлүк — 120 орун;
  • Талас районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору — 200дөн ашуун орун;
  • Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы облустук оорукананын башкы имараты — 150 орун.

Бул жерлер өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү менен кеңешип тандалганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0