Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Госстроя КРБишкек шаарында жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы оорукана курулуп жатат
Бишкек шаарында жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы оорукана курулуп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасынын пайдубалына капсула салган. Ушундай эле мекемелер Ош жана Нарында курулуп жатат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Июль айынын аягында премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларына жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы ооруканалар курулуп жатканын айткан. Ошондой эле ал жаңы медициналык мекемелерди 25-августка чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Кеп жаңы имарат куруудан тышкары, колдонулбай калган курулуштарды оорукана кылып жасап чыгуу тууралуу дагы болгон.

Курулуш азыр кайсы стадияда турганын жана качан колдонууга берилерин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылды.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

© Фото / пресс-служба Госстроя КРИюль айынын аягында премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларына жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы ооруканалар курулуп жатканын айткан
Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Июль айынын аягында премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларына жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы ооруканалар курулуп жатканын айткан

Иш кандай жүрүп жатат

Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыровдун айтымында, шаардык жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагында курулуш аяктап калды. Мындан ары атайын жабдууларды коюу иштери башталат.

"Чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле суу, электр кубаты киргизилип, имарат канализацияга туташтырылууда. Бардык иштер бир учурда кылынып жатат. Анткени бизге оорукананы кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы коюлган", — деди директор.

Курулуш иштери сентябрь айынын ортосуна чейин созулса, медициналык жабдууларды коюу маселеси колго алынат. Абдыкадыровдун айтымында, андан аркы маселелер менен Саламаттык сактоо министрлиги алектенет.

Кыргызстанда жаңы ачыла турган ооруканаларга 243 млн. сомдук жабдуу керектелет

© Фото / пресс-служба Госстроя КРОшондой эле ал жаңы медициналык мекемелерди 25-августка чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон
Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Ошондой эле ал жаңы медициналык мекемелерди 25-августка чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон
"Курулуш аяктаары менен медициналык жабдуулар орнотулуп, тесттен өтө баштайт. Менин оюмча, оорукана октябрь айынын башында ишке берилет", — деди ал.

Ошто курулуш иштери бир аз кечирээк баштаган. Андыктан имарат сентябрь айынын үчүнчү декадасында даяр болот деп божомолдонууда. Абдыкадыров маалымдагандай, жаңы оорукана Нарында дагы салынып жатат.

Жаңы ооруканалар кандай болот

Борбор калаада курулуп жаткан бир кабаттуу имарат 100 орунга ылайыкталган. Анын ичинен 30 орун кайра жандандыруу бөлүмүнө каралган. Ош шаарындагы оорукана дагы 100 орундук, ал эми Нарындагы медициналык мекеме өзүнө 70 бейтапты батыра алат.

"Бул ооруканалар технологиялык жактан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана эпидемиологдордун талаптарын эске алуу менен тургузулуп жатат. Мурда мындай объектилер курулган эмес. Андыктан эксперименталдык деп эсептелип, долбоордук документтер курулуш менен биргеликте бүтүрүлүүдө", — деди Абдыкадыров.

Директор ооруканаларга тез курулуучу конструкцияларды колдонуп жаткандыктарын айтты.

Кыргызстанда курулуп жаткан 14 ооруканага 206,5 млн. сом сарпталат

© Фото / пресс-служба Госстроя КРКеп жаңы имарат куруудан тышкары, колдонулбай калган курулуштарды оорукана кылып жасап чыгуу тууралуу дагы болгон
Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кеп жаңы имарат куруудан тышкары, колдонулбай калган курулуштарды оорукана кылып жасап чыгуу тууралуу дагы болгон
"Эгер бетон менен кирпичти колдонсок, курулуш иштери жазга чейин созулуп кетмек. Анткени ал материалдарга талап башкача. Мисалы, бетондун тыгыздыгы керектүү чечине жетиш үчүн 28 сутка өтүшү керек. Ал эми коронавирустун экинчи толкуну күз айларында күтүлүп жатат. Андыктан өрт жана экологиялык коопсуздуктарды эске алуу менен башка материалдарды колдонуудабыз", — деди маектеш.

Аймактарда абал кандай

Абдыкадыров аймактардагы ооруканаларды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

© Фото / пресс-служба Госстроя КРКурулуш азыр кайсы стадияда турганын жана качан колдонууга берилерин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылды
Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Курулуш азыр кайсы стадияда турганын жана качан колдонууга берилерин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылды
"Ооруканаларды кайра профилдештирип, колдонулбай туруп калган имараттарды оңдоп жатабыз. Мисалы, Чолпон-Ата шаарында жугуштуу илдеттер бөлүмүн COVID-19га чалдыккандарды дарылоого ылайыктап, кайра калыбына келтирүүдөбүз. Токмокто колдонулбай калган имаратты да ушундай ыкма менен жасап жатабыз", — деди ал.

Мындай иштер Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0