БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ыктыярчылык кылып, коронавирус менен ооругандарга жардам берип жүрүп каза болгон 21 жаштагы Адинай Мурзабекова Эрдик медалы менен сыйланды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул тууралуу Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Өзгөчө жан эле... Курсташтары стационарда иштеп көз жумган Адинайды эскеришти
"Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн Эрдик медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды", — деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, 13-июль күнү ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан студент кыз Адинай Мурзабекова каза болгон.
Өз мезгилинин баатыры. Президент көз жумган студент кыздын бүлөсүнө көңүл айтты
Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо иши факультетинде 5-курста окучу. Акыркы күндөрү Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда эмгектенип жаткан.
Алдын ала маалымат боюнча, ал пневмониядан көз жумган. Мурзабекова 2-августта 22 жашка чыкмак.