Өзгөчө жан эле... Курсташтары стационарда иштеп көз жумган Адинайды эскеришти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарантинный центр в Коммунарке
Карантинный центр в Коммунарке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирге окуган курсташтарынын айтымында, Адинай Мырзабекова маңдайы жарык, боорукер, башкаларга жамандыгы жок, акылдуу кыз эле. Бир сөз менен айтканда аны жаркын келечек күтүп турган...

13-июлда шаардагы убактылуу стационарда ыктыярчы медик болуп иштеп жаткан Адинай Мырзабекова көз жумган. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болчу, 2-августта 22 жашка чыкмак.

Курсташтары Адинайдын кандай адам болгонун эскеришти. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫктыярчы Адинай Мырзабекова
Өзгөчө жан эле... Курсташтары стационарда иштеп көз жумган Адинайды эскеришти - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы Адинай Мырзабекова

Акбермет Кадырбек кызы:

Адинай экөөбүз 1-курста таанышканбыз. Ошондон бери ынак курбулардан элек. Ар дайым күлүп жүргөн, назик, ар тараптуу, боорукер кыз болчу. Бирөө менен урушканын такыр көргөн жокмун. Ички дүйнөсү андан бетер таза эле. Адинай жөн отурчу эмес, түрдүү ийримдерге катышып, көп окучу. Ошондой эле ал башкалар билбеген маалыматтарды издегенди жакшы көрчү.

Стационарда иштеп көз жумган студент кыз. Өлүмдүн болжолдуу себеби айтылды

Курбум мыкты дарыгер болууга далалаттанды. Ал кардиология же кардиоревматологияны тандамак. Адинайдын бирден бир тилеги — дүйнө жүзүн кыдыруу эле. Курбум мыкты адам болчу. Эми аны көпкө жоктойм...

Рахатбек Төлөмүшов:

Адинай менен 2-курста, ал окуган группага которулганда тааныштым. Баары тең мени жылуу кабыл алышкан. Адинай өзгөчө жан эле. Маңдайы жарык, бирөөгө да жаман ою жок, жамандык жасабаган кыз болчу. Досуна жардам бериш үчүн эч нерсесин аябаган адамдар болот го, Адинайды дал ушундайлардын катарына кошом. Кыйын кырдаалда ар дайым жанымда жүрчү.

Аны менен стационарга иштеп кеткенге чейин жолуккам. Автоунаа сатып алганымда аябай кубанып, "мен да автоунаа алам, анан чогуу жүрөбүз" деп айткан эле.

Өз мезгилинин баатыры. Президент көз жумган студент кыздын бүлөсүнө көңүл айтты

Анын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө. Мынчалык эрте өмүр менен кош айтышпаганда көп адамга жардам берип, кереги тиймек. Курсташыбызды жоготуп ичибиз туз куйгандай ачышып атат.

Мээрим Жанбаева:

Экөөбүз бир райондо жашап, кайсы бир убакытка чейин бир группада окудук. Окууга чогуу барып, чогуу келип, айтор, дайыма жанымда болчу. Адинай Германияга барам деп камынып жүргөн. Күздөн бери документ чогултуп, немис тилин үйрөнүп жаткан. Жазында виза жана уруксат кагазын алып, июнда Германияда болуп калмак. Бирок коронавирус анын пландарын түк өзгөрттү.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Адинай менин эсимде өзгөчөлүгү менен калат. Элден башкача ойлончу. Сабак учурунда окутуучуларга оюн ачык айтып, тайманбаган мүнөзү бар эле. Ар дайым жаңы нерселерге умтулчу.

Акыркы жолу аны менен бир ай мурда көрүшкөм. Анда Адинай жаңы төрөлгөн баламды көрөм деп белектин түрүн алып үйгө келиптир. Баланы жакшы көрчү. Кичүү сиңдилерин оозунан түшүрчү эмес, аларга белек-бечкек берип, майрам сайын сюрприздерди уюштуруп турчу.

Арсен Бактыбек уулу:

Адинай менен көптөн бери дос болчубуз. Өлүмүнө дагы эле ишене албай жатабыз. Боорукер, акылдуу, окууну жалаң "5" деген баага окучу. Андан мыкты адис чыкмак.

Сессия учурунда баары сарсанаа болуп, урушуп-талашканда Адинай кырдаалды жөнгө салып, бат эле бизди табыштырып койчу. Элге жардам бергиси келерин көп айтты. Ошондуктан ден соолугундагы көйгөйлөргө карабай, стационарга иштөөгө барган. Кайсы учур болбосун көйгөйүңдү угуп, жылуу сөзүн айтып, кеңешчи, психолог болчу.

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

Мен анын жылмаюусун унутпайм.

Дагы бир нерсени айтып коеюнчу. Азыр айрымдар анын өлүмүнө Медакадемиянын жетекчилигин күнөөлөп жатышат. Бирок бул кырдаалда анын күнөөсү жок, ишенип коюңуздар. Индира Орозобаевна бизди дайыма колдочу. Көйгөй жаралып калса, баарын биз менен жолугуп чечкен адам.

Кундуз:

Адинай менен үчүнчү курстан бери досмун. Ага чейин аны көп сүйлөбөгөн, жабык адам деп ойлочумун. Көрсө андай эмес экен. Кийин ачылды. Жылуу, жакшы сөздөрүн аячу эмес. Бири-бирибизге ар дайым колдоо көрсөтүп турчубуз. Мессенджерде үй тапшырмасын чогуу аткарган өзүнчө тайпабыз да бар эле.

Акыркы убакта Адинай аябай арыктап кеткенин байкагам. Тамакты аз жеп калган. Кээде сааттап эч нерсе жебей жүрө берчү.

Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

Ал 6-курсту бүтүрүп турмушка чыксам деп кыялданчу. "Бир кыз, бир уулдуу болгум келет" деп айтканы эсимде. Андан мыкты эне чыкмак, анткени балага аябай жакын болчу.

Жакында эле Адинай менен жазышып, мен дагы стационарда иштегим келип жатканын айткам. Ал убакыт таап мага жол-жобосун жазып, сүрөтүн да салып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0