Эркектер эмчек рагына туш болгонун укканда шок болушат. Маммолог оору тууралуу

Адатта аялдардын эмчек рагы тууралуу көп кеп болгондуктан, бул илдетке эркектер да чалдыгарын билгендер аз чыгар. Оору учурунда эркектердин көкүрөк бези аялдардыкы сыяктуу эле шишип кетет экен. Бирок муну өпкө рагы менен чаташтырбоо керек.
Sputnik

Аталган темада Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгер-маммологу Ибрагимбек Алиев айтып берди.

Эркектер эмчек рагына туш болгонун укканда шок болушат. Маммолог оору тууралуу

— Эркектердин көкүрөк безинин рагына кабылышына эмнелер таасир этет?

— Учурда рак ооруларынын ичинен аялдардын сүт безинин шишиги биринчи орунда турат. Бул аны менен жабыркагандардын саны көп экендигин айгинелеп турат. Бирок эркек кишилерде сейрек кездешет. Маселен, биздин ооруканага 10 жыл ичинде 13 бейтап кайрылган. Мындайча айтканда, жылына бир-эки киши баш багат же таптакыр келбей калышы мүмкүн дегенди билдирет.

Илдет тукум кууйт. Ошол себептен ата-теги, туугандары рак менен ооруган эркектер мамологго көрүнүп коюшу зарыл. Бөтөнчө баланын атасы же чоң атасында шишик болсо кооптуу факторлордун бири болуп саналат. Мындан тышкары, канда эстроген гормонунун көп болушу да коркунуч жаратат. Ал гормон туура эмес тамактанганда, ичимдикти көп ичкенде же башка оорулардын таасиринен көбөйүп кетет. Ошондой эле ашыкча салмак, төш жакка алган жаракаттар дагы ракты пайда кылат. Эң негизгиси, гинекомастия оорусунан абайлаш керек. Мында гормондордун өзгөрүшүнөн эркектин сүт бездери кыздардыкындай болуп чоңое баштайт. Эркектер кийим кие албай уялгандыктан бизге келишет. Чыныгы жана жалган гинекомастия деген бар. Калп болгондо адам семирип кетип эле мага эмчек өсүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Алар арыктаса денеси калыбына келет. Бирок гинекомастияга көңүл бурбай койсо залалдуу шишиктин пайда болушун шарттайт.

— Оорунун белгилери кандай болот?

Уйлар кандын рагына кабылып айлабыз кеткен. Бишкектик окумуштуу менен маек
— Симптомдору аялдардыкы менен окшош. Алгач үрпү ичке тартылат, анын айланасында карарып турган жери кызарып, териси лимондун кабыгындай быдыракай болуп калат. Учунан сары суу, ириң же кан чыгышы мүмкүн. Кээде жөн гана үрптүн айланасында карарып турган жер кургап, сыйрылат. Адатта эмчектин бир жагында шишик пайда болуп, оору өтүшкөндө же гормоналдык бузулуу болгондо экинчи тарабына дагы өсүп кетет. Бул көбүнчө жуунуп жатканда байкалат же кармаганда колго кичинекей катуу нерсе урунат. Рак жаңы башталып келе жатканда жанды кыйнабайт, ошондуктан көбү көңүл бурбайт.

— Канча жаштагылар көп кабылат?

— Илдетке 50дөн ашкан кишилер көп туш болот. Иш тажрыйбамда сүт бездеринин шишиги менен кайрылган эң жаш бейтаптын курагы 33-34 болсо, эң улгайганыныкы 82 болчу. Негизи эле адам жашы өтүп калганда медициналык текшерүүдөн өтүп, ден соолугуна кайдыгер карабаса  дейм.

Эркектер эмчек рагына туш болгонун укканда шок болушат. Маммолог оору тууралуу

— Каза тапкан бейтаптар болдубу?

— Жети жыл мурда бир бейтап каза тапкан. Ал бизге оорусу өтүшүп кеткенде келип калды. Дартын айыктырам деп Кореядагы клиникаларга чейин барды. Тилекке каршы, жашап кете алган жок. Эркектердин эмчек рагы аялдардыкына салыштырмалуу агрессивдүү болот. Көңүл бурбаса бат эле өтүшүп кетет. Тагыраагы, шишик тез тамырлап (метастаза), башка органдарды талкалайт.

— "Эмчек рагына кабылдың" дегенди эркектер кандай кабыл алышат. Аялдар сыяктуу кейип-кепчип, ыйлашабы?

Тилеков: Кыргызстанда жылына 6000дей адамга рак диагнозу коюлат
— Биринчи укканда шок болуп, таң калышат. Өөн учурайт да. Айрымдары симптордорун байкап калып, интернеттен окуп, салыштырып көрүп, бизге келишет. Аялдардай ыйлап-сыктаган эркектерди көргөн жокмун. Эмчек аялдарда бала эмизе турчу, сулуулук бере турчу дене мүчөсү. Андан айрылуу (кээде доктурлар операцияда алып салууга мажбур болот), албетте, оор тиет.

— Рактын бул түрүн кантип дарылайсыздар?

— Операция аркылуу сүт бездерин жана эмчектин айланасындагы дагы башка бездер алынат. Илдеттин стадиясына жараша химия жана нур терапиясынан өтүшөт. Бейтаптарды айыктырууда бизде адистер жана жабдуу жетиштүү. Айрым учурда дары каражаттарын оорулуулар өздөрү сатып алганга мажбур болушат.

Эң башкысы, бейтап дарыгердин айткандарып угуп, өзү билемдикке барбашы керек. Бизде каттоодо турган айрым  бейтаптар кайрадан текшерүүдөн өтө элек. Жарым жылда бир келгиле дейбиз. Анан жашоо-шартка шылтап жүрө беришет дагы, ооруп болбой калганда кайрылышат. Ар ким өз ден соолугуна жоопкер болбосо, биз чакырып кыйнай да албайт экенбиз.