БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо: 2019-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзүп турган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга карабастан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн экендиги айтылат. Маалымат иретинде билдирсек, 2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казакстанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Россияда 14,6 пайыз, Белоруссияда 15,2 пайыз болгон.
БУУнун божомолдоосу боюнча, Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.
"Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу көптөрдүн пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылына көбөйүп бара жатат. Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 91 миңге же 22 пайызга көбөйдү", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелердин маалыматында, 2018-жылдын аягында каттоодо 694,8 миңге жакын пенсионер турат.
2018-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 760 сом болуп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 1,3 эсе жогору болгон (4282,99 сом).
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.