Ооруканага жаракат алган жоокерлерди алып келишүүдө. Фото

Жалпысынан 15 адам ар кандай жарааты менен жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү басып кирүүдөн жабыркап Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканасына 15 киши жаткырылды.

Үчөө Чүй облустук ооруканасына, дагы үчөө Улуттук госпиаталга, ал эми тогуз адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген.

Травматология борборунда жүргөн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы дарыгерлер эки кишини операцияга даярдап жатканын билдирди. Ошондой эле ооруканага УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жеткирилип, бирок амбулатордук жардам алган.

Алмазбек Атамбаевдин иши

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан

ИИМ имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. Сүрөт
Мындан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагында жайгашкан элдик штабга чогулушкан.

Экс-президент Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМге үчүнчү ирет суракка чакырылган. Бирок Атамбаев азыркы бийлик "укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын айткан.

Мурдагы президенттин юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесарев ИИМдин тергөө кызматына суроолорду жиберишин сунуштаган

Өз кезегинде Слесаревдин келтирген жүйөсүн туура эмес деп баалап, түшүндүрмө берген.