АКШда өтчү фестивалга Кыргызстандын даректүү тасмасы катышат

18 мүнөттүк тасма социалдык үй-бүлөлүк драма болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. АКШнын Лос-Анджелес шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан режиссер Султангазы Пиржан уулунун "Мен жылдыз болом" аттуу даректүү тасмасы катыша турганын Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант
Маалыматка ылайык, маданий ири иш-чара үстүбүздөгү жылдын 2-10-май күндөрү өтөт. Анда Азия жана Тынч океанынын аймагында тартылган кинокартиналар тартууланат.

18 мүнөттүк фильм социалдык үй-бүлөлүк драма болуп саналат. Англис субтитрлери менен көрсөтүлүүчү кинодо айыккыс дартка чалдыккан жеткинчектин тагдыры баяндалат.

Кыргызстандык кинофильм элге 9-май күнү тартууланмакчы.