БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандык белгилүү фигурист Денис Тендин апасы Оксана Тен уулу буйрутма менен киши колдуу болгон деген божомолун айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.
Эске салсак, белгилүү фигурист 19-июлда каза болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле.
Учурда Алматы шаарында Денис Тендин өлүмү боюнча Алматы шаарынын райондор аралык соттук отуруму болуп жатат. Анда маркумдун апасы эмне себептен баласы атайы буйрутма менен киши колдуу болду деп ойлоп жатканын айтып, анын акыркы күнү тууралуу маалымат берген.
"2018-жылдын 29-июнь күнү Денисти Мадина Аманова "Гедонист" ресторанынын ачылышына чакырган. Ресторандын жетекчиси, Денистин классташы Руслан Хайруллаев болчу. Аны жетекчи катары көрүп Денис аябай таң калганын айткан. Анда-санда эле соцтармакта жазышып калганы болбосо, аны менен байланышып, сүйлөшчү деле эмес экен", — деди Оксана Тен.
Апасынын айтымында, бул жолугушуудан кийин классташы Руслан "сыйлап коеюн" деп Денисти аталган ресторанга бир канча ирет чакырган.
18-июлда Хайруллаев Денистин жумушуна кирип, 19-июлда жолугушууну сунуштаган. Апасынын божомолунда уулу 19-июль күнү Русландын ресторанына кирем деп сөз берген.
Оксана Тендин айтымында, уулунун 19-июлда жумуш боюнча жолугушуулары болмок. Анын ичинде 15:00дө Казакстанга муз аянтын куруу боюнча чехиялык инвесторлор менен кезигишмек.
"13:45те Хайруллаев аны түшкү тамактанууга чакырган. Денис ачка эмес экенин айтып, бирок "40 мүнөткө кофе ичип кетүүгө кире кетем" деп жазган. Бул учурда саат 13:48 болчу. Бардык жазышуулар уулумдун WhatsApp тиркемесинде турат", — деди маркумдун энеси.
Денис Тендин өлүмүнө шектүү делип үч адам сурак берүүдө. Алардын бири — аял. Ал окуяны көрүп туруп полицияга маалымдабай койду деген күнөө менен айыпталып жатат.