Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду

Шаардык казынадан 500 миң сом сарпталды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген. Жол оңдолгондон кийин Орозбеков менен жүргөн айдоочулар Баялинов (негизги жол) менен бараткан унааларга жол бербей келишкен. Анын кесепетинен кырсыктар көп болуп турган.

1 / 2
Бишкектеги Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду
2 / 2
Аталган тилке эң кооптуу кесилиш катары эсептелип келген.

Шаар тургундары жолго светофор орнотуп берүүнү өтүнүп, аны мэрия октябрь айында колдогон.

Тендерди Vokko компаниясы жеңип келишим түзүлгөн. 20-декабрда алар жол чыракты орното баштаган. Буга шаардык казынадан 500 миң сом сарпталды.