Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Орто Азия биринчилиги өтөт

Анда спортчулар түрдүү салмактар арасында ат салышат
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаада пауэрлифтинг боюнча Орто Азия биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн Run the Silk Road эл аралык турнири өтөт
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-июндан 24-июнга чейин өтөт. Спорттук иш-чарага Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Россия, Өзбекстан, Индия чогулган спортчулар келет.  Буга кыргызстаныктар да катышат.  Анда ар түрдүү салмактагы өспүрүмдөр, чоңдор арасында  күч сынашуу болот.

Пауэрлифтинг — штанганы жатып алып жана туруп көтөрүү. Андан сырткары, штанганы ийинге коюп алып, отуруп-турган спорттун түрү.