Смартфонго көз каранды болуу эмнеге алып келерин окумуштуулар аныктады

Сурамжылоого алынган 135 студенттин ичинен гаджеттерге аябай берилип кеткендери өздөрүн жалгыз сезерин айтышкан
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Сан-Франциско университетинин окумуштуулары жыл өткөн сайын электрондук жабдууларга көз каранды болгон кишилердин саны өсүп жатканын, бул өз кезегинде адамды бактысыздыкка алып келерин аныкташты. Мындай изилдөөнүн жыйынтыктары Sciencedaily журналына жарыяланды.

Компьютерби же тукум куучулукпу? Киши эмнеге алысты көрбөй калат
Изилдөөчүлөр смартфонго аябай көз каранды болгон кишилердин мээсинде бир нерсеге көнүп калууга шарт түзгөн неврологиялык байланыштар пайда болорун аныкташкан. Мындай көнүп калуу ооруну басаңдатуучу дарыларды көп ичкен кишилерде дагы пайда болот.

Гаджеттерге байланып калуу адамдын социалдык абалына да терс таасирин берет, башкача айтканда башкалар менен сүйлөшүү сыяктуу байланыштарды жоготот.

Сурамжылоого алынган 135 студенттин ичинен гаджеттерге аябай берилип кеткендери өздөрүн жалгыз сезерин айтышкан.