Путин мураскер тууралуу суроого жооп берди

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүү Россия президенти Владимир Путин
 Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, Россияда келерки президенттик шайлоо 2024-жылга туура келет. Буга чейин деле Владимир Путинге мураскер тууралуу суроолор байма-бай берилип келген.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин президенттик кызматка мураскер даярдоо маселеси боюнча айтып берди.
Түз эфир учурунда ага "сизге бийликти мурдагы президент Борис Ельцин өткөрүп берген. Эми сиз артыңыздан мураскер даярдайсызбы, азыркы өкмөттө президент болууга татыктуу киши барбы?" деген суроо берилди.
"Борис Ельцин мага бийликти өткөрүп берген эмес. Мыйзам боюнча президент кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, анын ордуна өкмөт башчы иштеп турушу керек. Мен дал ошол кызматта болчумун. Кийин ким өлкө башчы болорун эл добуш берүү жолу менен тандаган", — деди президент.
Ал эми келечектеги президент тууралуу бардыгы убакыттан көз каранды экенин айтты.
Деңиздеги чек араны бузуп кирип келген Улуу Британиянын Defender эсминеци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Путин: Британия эсминеци Үчүнчү дүйнөлүк согушка себеп боло алмак эмес
"Президенттик орун бош калбайт, сөзсүз түрдө бир адамды экинчиси алмаштырат. Менин милдетим — президенттик кызматка талапкерлигин койгон адамдарга сунуш-пикир айтуу. Мындай практика бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен качандыр бир кезде биздин өлкөбүздү бул же тигил адам татыктуу башкара алат деп сунуш катары айтчу күн келет деп ишенем", — деди Путин.
Белгилей кетсек, Россияда келерки президенттик шайлоо 2024-жылга туура келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0