https://sputnik.kg/20210319/koronavirus-vakcinaciya-uchurdagy-abal-reabilitaciya-dayardyk-1051828024.html
Бейшеналиев: COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
Бейшеналиев: COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алып келинери менен калк арасында эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты. 19.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-19T15:29+0600
2021-03-19T15:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
алымкадыр бейшеналиев
коронавирус
абал
вакцинация
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
коронавируска каршы эмдөө
https://sputnik.kg/img/07e5/03/12/1051818288_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_6c7f1404ac0114eb4c71758bf2c95fba.jpg
Бейшеналиев: COVID 19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
Sputnik Кыргызстан
Бейшеналиев: COVID 19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
Вакцинанын үч түрү бар. Вирустун кандайдыр бир белогу, өлтүрүлгөн жана алсыздандырылган оору козгогуч болуп бөлүнөт. Ал организмге киргенде иммунитет вирус менен күрөшүп, антитело пайда болот. Ооруган бейтап менен байланышта болгондо вирусту жугузбай күрөшөт. Андыктан вакцина алган адам коронавирус болуп катуу ооруп калат деген туура эмес. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, вакцинаны сатып алып өз алдынча эмделүүгө таптакыр болбойт.Министр коронавирустун жайылышы күчөбөй, азыркыдай абалда болуп турса дары-дармек, коргонуу каражаттары 5-6 айга жетерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/12/1051818288_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_148d44e5204d8d329b5ca743651a4ac1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, коронавирус, абал, вакцинация, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , коронавируска каршы эмдөө
коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, коронавирус, абал, вакцинация, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , коронавируска каршы эмдөө
Бейшеналиев: COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медиктер окуудан өттү
15:29 19.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алып келинери менен калк арасында эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты.
Вакцинанын үч түрү бар. Вирустун кандайдыр бир белогу, өлтүрүлгөн жана алсыздандырылган оору козгогуч болуп бөлүнөт. Ал организмге киргенде иммунитет вирус менен күрөшүп, антитело пайда болот. Ооруган бейтап менен байланышта болгондо вирусту жугузбай күрөшөт. Андыктан вакцина алган адам коронавирус болуп катуу ооруп калат деген туура эмес. Бул тууралуу
Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, вакцинаны сатып алып өз алдынча эмделүүгө таптакыр болбойт.
"Мамлекеттик мекемелерге алып келинген вакцинанын баары акысыз жүргүзүлүшү зарыл. Кээ бир компаниялар өздөрү алып келип ыктыярдуу түрдө эмдешине уруксат берилген. Алсак, "Спутник V" вакцинасынын бир дозасы 8-10 доллар турат. Адам коронавируска каршы эки ирет эмделет. Демек, бир кишиге 16 доллардай кетет. Кытайдын Sinopharm вакцинасы андан арзан экен. Биз Дүйнөлүк банк, Ислам банкы, айрым коомдор менен сүйлөшүп жатабыз. Алар вакцина сатып алууга жардам берсе, элди бекер эмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми мамлекетке келген вакцинанын номери болот. Ал аркылуу биз бирөө дагы сыртка чыгып же сатылып кетишине жол бербейбиз. Учурда Москвадан коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү боюнча жүздөн ашык дарыгерди окуудан өткөрдүк. Алар эмдөө алган адамды көзөмөлдөп, аллергиясы барбы, жокпу байкап, баары жайында болгондо гана үйүнө жиберет. Ошондой эле жакындары коронавирус болуп ооруп айыккан бейтаптар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Биздин бардык аймактардагы адистер ооруп айыккан жарандарга кам көрүү боюнча окуудан өтүп жатат. Кээ бир жерлерде реабилитация иштери жүргүзүлүп баштады", — деди Бейшеналиев.
Министр коронавирустун жайылышы күчөбөй, азыркыдай абалда болуп турса дары-дармек, коргонуу каражаттары 5-6 айга жетерин кошумчалады.