Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБейшеналиев Алымкадыр Савирдинович
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович 1960-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Алмалуу айылында туулган.
Билими:
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатура факультетин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун хирургия факультети кафедрасынын ассистенти болуп баштаган;
1998 — КММА доценти, хирургия тармагында адис;
120дан ашык илимий эмгек, беш монография жарыялаган.
2021-жылдын 14-октябрында Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамына кирип, саламаттык сактоо министри болуп дайындалган;
2022-жылдын 19-августунда саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган. Ошол эле күнү ал “Алтын балалык” реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалганы белгилүү болгон;
2023-жылдын 7-сентябрында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш кызматын расмий колдоп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0