Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

7 тил билген студент: чет тилин тез үйрөнүүнүн бир эле сыры бар

© Фото / Алиаскар ОрозбаевЖети тилде оюн эркин айта алган студент Ислам Эрчибаев
Жети тилде оюн эркин айта алган студент Ислам Эрчибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети тилде оюн эркин айта алган студент Ислам Эрчибаев тил үйрөнүүдө эмнелерди эске алыш керектигин айтып берди.
7 тил билген студент: чет тилин тез үйрөнүүнүн бир эле сыры бар

Чет тилинде канча көп сүйлөсө, жаңы сөздөр адамдын эсинде ошончолук жакшы сакталат. Бул тууралуу Ислам Эрчибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет тилин үйрөнгүсү келгендер ошол тилде сүйлөгөн мамлекетке барса, батыраак өздөштүрөт. Ислам өзү араб, фарс, түрк, орус, англис, өзбек жана кыргыз тилдерин билет.

"Тил үйрөнүүнүн эң эле эффективдүү жолу — ошол тилде сүйлөгөн өлкөгө барып жашоо. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болуп жатса, анда сөз жатташ керек. Сөз жаттоо — чет тилин үйрөнүүнүн бир эле сыры жана негизги куралы. Азыркы заманда түрдүү сайттардан жана тиркемелерден жаңы сөздөрдү жаттап, окуганга мүмкүнчүлүктөр кеңири. Анан албетте, практика болушу шарт. Өздөштүрүп жаткан тилде сүйлөгөн улуттун өкүлдөрү менен баарлашып, ал тилде мультфильм, тасмаларды көрүү пайдалуу. Мындан сырткары, китеп окуу да жардамга келет. Ошол окуп жаткан нерсени түшүнүүгө аракет жасаш керек", — деди Эрчибаев.

Ал өзү чет тилдерин 18 жашынан баштап үйрөнө баштаганын жана түрк тилинен башка тилдерди курска барбай эле өз алдынча өздөштүргөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0