04:26 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
СССРдин эл артисти, режиссер Болот Шамшиев маек учрунда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шамшиев: Кожомкул балбан тууралуу тасма тартылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
7910

Режиссер Болот Шамшиев Кожомкул тасмасы төрт бөлүктөн туруп, алгачкы эки бөлүгү атасы Каба боюнча болоорун айтты.

Кожомкул балбан тууралуу тасма тартылат. Бул тууралуу СССРдин эл артисти, режиссер Болот Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тасманын бюджети төрт миллион доллар болот.

"Каба жоо жүрөк" деген аталышта биринчи китеп даяр болду. Кожомкулдан мурун атасы Каба тууралуу китеп жазууну эп көрдүм. Анткени Кожомкулга спорттун сырларын үйрөткөн ошол киши болгон экен. Эми ошонун негизинде алгач Каба тууралуу андан соң Кожомкул боюнча тасма тарталы деп жатабыз", — деди Шамшиев.

Ал Жогорку Кеңеш тасмага мамлекеттен акча бөлүп берүү боюнча чечим чыгаргандыгын, бирок ал каражат жетпей тургандыгын кошумчалады. Андыктан бардык каалоочулар тасмага кол кабыш кылса болот.

Тема боюнча

"Саякбай" фильми тууралуу. Манасчы элине кайтып келгендей эле болду
Белгилер:
тасма, Болот Шамшиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ