Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенине байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин 6500дөн ашык жеке курамы ишке тартылган.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Азыркы кырдаалда ИИМдин негизги милдети — коомдук тартипти, жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, Республикалык штабдын залында эки саат сайын коронавирустун өлкөдө жайылуусуна бөгөт коюу боюнча брифингдери өтүүдө.

Министрдин орун басарынын айткандарын тезис түрүндө сунуштайбыз:

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
ШИИББ: Бишкекте блокпосттор орнотулду деген маалыматтар фейк
— Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенине байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин 6500дөн ашык жеке курамы ишке тартылып, күчөтүлгөн режимде иштөөдө;

— Коомдук тартипти сактоого жардам бергиси келген ыктыярчылар ИИМдин жергиликтүү, райондук башкармалыктарына же атайын штабдарга кайрылса болот;

— Бишкек — Ош автоунаа каттамына тыюу салынган эмес, жол жабылган жок;

— Мессенжер аркылуу "интернет өчүрүлөт" деген маалыматты тактап жатабыз. Бирок коомчулукту фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырып кетет элем;

— Соцтармак аркылуу туура эмес, жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси боюнча чара көрүлөт;

— Бир суткада соцтармак аркылуу коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан сегиз факт катталган;

— Мен билгенден Бишкек шаарында милиция жана дарыгерлерге мэрия коомдук транспорт, тагыраагы, автобус уюштуруп берет;

— Текшерип өткөргөн пункттар блокпост эмес, санитардык-карантиндик пост. Ал жактан милиция, дарыгерлер жарандардын кайдан келе жатканын, кайда болгонун, ал тургай, эгер чет өлкөдөн келе жатса, паспортундагы штампты кароого укуктуу.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Вспышка африканской чумы свиней в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга дагы канча санитардык-карантиндик пост орнотулары айтылды
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0