05:21 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Всемирные игры кочевников-2016

Көлдүн кургак кесмеси, Ак-Талаанын бозосу... Аймактарда брендге айланган тамактар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
2225 0 0

Ар бир облуска барсаң даамы таңдайдан кетпеген тамак-ашын оозанып, суусундугун татасың, же мурда-кийин алар тууралуу угуп, көрүп жүргөн болосуң. Интернеттен көзгө учурап калса, "аттиң, бир даам сызсам" деп суктанып коесуң.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аймактарда эл оозуна алынып, брендге айланган тамак-аштарды тизмектеп, алардын эмне себептен белгилүү болуп калгандыгы жана жасалуу жолдору тууралуу билип көрдү.

Оштун атактуу самсысы

Есть у города и кулинарная изюминка — ошские самсы, которые мечтает попробовать каждый кыргызстанец
© Фото / Дастан Умоттегин
Оштун атактуу самсысы
Ош тарапка бардым десеңиз эле, "самсысынан ооз тийдиңби, бизге ала келдиңби" деген сөздөрдү угасызбы? Оштун самсысы тандырда жасалышы менен өзгөчөлөнүп турат. Азыр тандырга бышкан самсы бир гана Ош шаарында эмес, республиканын бардык аймагында жасалып калды. Бирок аны бардык жерде эле ойдогудай даярдай алышпайт. 

Ош жергесинде самсынын бир нече түрү бар. Алардын көбү биз көнүп калган үч бурчтук формасында эмес, тоголок болот. Тандырга аны көбүнчө эркектер жабат. Самсы жасоо да чоң күчтү талап кылат. Катуу жуурулган камырды карылуу колдор гана жая алат.

© Sputnik / Расул Усеналиев
Оштогу самсы жасоонун сырлары

Самсынын ичине эт, пияз, түрдүү татымдар жана эң башкысы, куйрук май, кээде ич май салынат. Тандырга пахтанын куурайларын жагып, ал даяр болгондо самсылар төмөндөн жогору карай жабыштырылат. Тандырдын түзүлүшүнө жараша анын ичине башыңан белиңе чейин кирүүгө туура келет. Тандырдын ичиндеги ысык 400 градуска жетип, 100-120 самсы батат. 

Чоң самсылардын салмагы орто эсеп менен 600-700 граммга чейин жетет. Самсылар "таттуу" жана "ачуу" деп бөлүнөт. Ачуу самсынын ичине кызыл калемпир кошуп, үстүнө күнжүт сээп белгилеп коюшат.

Тандырга бышкан чоң самсылар "шорпо самсы" деп аталып, аны тандырга жабышкан жагын тегерете кесип ачып, анан жешет.

Оштун атактуу самсысын мекендештер чет мамлекеттерде дагы жасап, белгилүүлүгүн арттырып келишет.

Караколдун легендарлуу ашлям-фусу

Блюдо дунганской кухни — ашлянфу
© Фото / Екатерина Иващенко
Караколдун легендарлуу ашлям-фусу

Кыргызстандыктардын гана эмес, чет элдик туристтердин сүйүп жеген тамагына айланган Караколдун ашлям-фусу тууралуу жергиликтүү тургун Батырбек Усенбеков айтып берди.

Ашлям-фу — дунган жана кытай элинин улуттук тамагы. Бүгүнкү күндө ашлям-фу Азия өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө даярдалат. Ал эми Кыргызстанда XVIII кылымдарда дунгандардын келип отурукташуусу менен жасала баштаган. 

Ашлянфу с палочками и пирожки.
© Фото / Азамат Айтбаев
Ашлям-фу — дунган жана кытай элинин улуттук тамагы

"Ашлям-фунун жасалуу жолу жөнөкөй болгону менен көбү Караколдукун тамшанып жешет. Советтер Союзунун убагында Ысык-Көлдө эле жасалчу экен, азыр өлкөнүн түштүк тарабынан да бул тамакты табууга болот", — деди Усенбеков.

Учурда Каракол шаарынын көп жеринде ашлям-фу жасаган ашкана, кафелер ачылып, күн сайын жүздөгөн кардарды тойгузушат. Ашлям-фу жасоо үчүн крахмал, камыр, жумуртка (кээде эт) жана көк чөп керектелет. Ал эми соус даярдоо үчүн уксус, суу жана ачуу калемпир менен сарымсактан жасалган лаза колдонулат.

Ак-Талаанын брендге айланган бозосу

Бозо в бутылках,  произведенный в Ак-Талаа
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Ак-Талаанын брендге айланган бозосу

Кыргызстандын бардык аймактарында эле бозо салганды билгендер болсо керек. Анткен менен Ак-Талаанын (Нарын облусу) бозосу эл оозуна алынып, брендге айланган. Өзгөчө кыш мезгилинде адамды суукта чыдамкай, күүлүү-күчтүү, тоюмдуу алып жүрөт деп көп жасалат.

Башка дубандарга салыштырмалуу Ак-Талаанын бозосу ага кошулган топ жана угуту менен айырмаланып турат, ошондой эле суюгураак жасалат дейт жергиликтүү тургун Замира Калматова. Ал жасалуу жолуна кенен токтолду.

"Алгач казандын ичин таза жууп, какшытып, тоң май менен унду аралаштырып кууруйбуз. Андан соң муздак суу куюлат. Эки күн мурда буудай, жүгөрү, таруу даны аралаштырылып шак чыланат. Шак казандагы сууга куюлуп, 1,5 саат кайнатылат. Жылымык болуп калганда топ менен угутту салып, эртеси бозо сүзөбүз. Анан суусундукту иче берсе болот. Ак-Талаанын бозосунун дагы бир өзгөчөлүгү — суюгураак салынат. Жумшак бозо болсун десек угутун азыраак, ал эми күчтүү десек угутун көбүрөөк салабыз. Бозонун ден соолукка тийгизген пайдасы анемия менен күрөшкөнгө жардам берет", — деди Калматова.

Ал белгилегендей, Ак-Талаада бозо илгертен бери жасалып, той-аш, майрамдарда дайыма сунула турчу суусундукка айланган. Айылда бозо сатып ишкерлик кылгандар да жок эмес. Атүгүл борбор калаага чейин ташып барып "Ак-Талаанын бозосу" деген бренд менен сатылып жүрөт.

Өзгөндүн ширин күрүчү

Мужчина показывает узгенский рис
© Фото / Зульфия Тургунова
Өзгөндүн ширин күрүчү

Түштүк тарапта жашаган Зульфия Тургунованын айтымында, өзгөн күрүчү тамшандырган тамакка айланганга чейин далай эмгекти талап кылат. Өзгөн күрүчүнүн өзгөчөлүгү — шалы аянтчаларынын топурактарынын минералга бай болушу, ошондой эле маалы менен минералы көп сууга сугарылып, тыкыр көзөмөл менен өстүрүлүшүндө. Адистер өзгөн күрүчүн өлкөнүн башка аймагында өстүрүүгө мүмкүн эместигин айтышат. Анткени башка жердин абасы, суусу, топурагы Өзгөндүкүнөн айырмаланып турат. Демек күрүчтүн сапаттуулугу төмөндөйт. Өзгөн күрүчүнүн "чемпион", "ак урук", "кара кылтырык" жана башка 15ке жакын сорту бар. Ар биринин формасы менен даамы ар башка болот.

Тургунова Өзгөндүн ширин күрүчүнүн жасалуу жолуна да токтолду.

"Палоо көбүнчө куйрук майга басылат. Куйруктун майы чыккандан кийин сүзүп алып, үстүнө пияз туурап өзүнчө жесе болот. Эт басыла турган күрүчтүн өлчөмү менен тең болушу керек. Алгач эт куурулуп, үстүнө пияз салынат. Андан кийин сабизди көбүрөөк туурап кошобуз. Ал ортодо күрүч тазаланып, сууга чыланат. Жуулган күрүчтү кайнап жаткан шорпого салып, жай отко, шорпосу соолугуча кайнатабыз дагы кызыл калемпир салып, демдейбиз. Даяр болгон ашка көк пиязды себелеп жесе, даамына даам кошот", — деди Тургунова.

Плов из узгенского риса
© Фото / Зульфия Тургунова
Өзгөн күрүчүнөн бир гана палоо эмес, кыргыз эли быжы, шорпо жана башка бир канча тамактын түрүн жасашат

Эгер 2 килограмм палоо басам десеңиз, сабизи дагы, эти дагы 2 килограммдан, ал эми куйрук май 1 килограмм, пияздын 2-3 даанасы, көк пияздын бир боосу жетиштүү болот.

Өзгөн күрүчүнөн бир гана палоо эмес, кыргыз эли быжы, шорпо жана башка бир канча тамактын түрүн жасашат.

Таластын гүлчөтайы менен шалдамасы

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zamirbekova Asel (@za.asel93)

Гүлчөтай эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактарынын бири. Маселен, Нарын тарапта бешбармак тартылса, Таласта гүлчөтай берилет.

Гүлчөтайдын даярдалуу ыкмасы тууралуу айтсак, алгач эт асылып, шорпосуна сабиз менен картошка кайнатылат. Андан соң шорподогу азыктар сузулуп табакка салынат. Ошол эле шорпого колго жуурулуп, жука кесилген камыр бышырылат. Бул тамактын даамын дал ушул камыр чыгарат. Камыр бышкандан кийин сүзүп табактарга салып, устукандарды үстүнө коюп дасторконго беришет.

Гүлчөтайды бир гана аш-тойлордон эмес, азыр тамактануучу жайлардын менюсунан да кездештирүүгө болот. 

Традиционное блюдо в Таласе шалдама
© Sputnik / Айида Батырбекова
Таластын шалдамасы

Таластыктардын дагы бир сүйүп жеген тамагы — шалдама. Анда бешбармактан артып калган эт менен камырды майдалап туурап, үстүнө эт бышкан шорпону куюп коюшат. Эртеси чыныга куюп ичишет.

Ысык-Көлдүн кургак кесмеси

Бул тамактын сүрөтүн эле көргөн кишинин таңдайы такылдайт. Кесме десе адатта эт менен камыр кошулуп жасалган суюк шорпону элестетебиз. Көлдүктөрдүн кургак кесмесинин жасалышы таптакыр башкача. Аталган тамактын видео-рецептисин YouTube каналына Айсулуу Космосбекова жүктөгөн. 

Видеодо көрүнүп тургандай, ысык казанга эт, пияз, сабиз, картошка өңдүү жашылчалар куурулуп, аларды көмө суу куюлат. Ал ортодо колго камыр жуурулуп, тегиз жайылып, кесилет. Кол менен ажыратса кесме сунала түшөт. Казанды ачып чекелерине таза чыбыктарды кайчылаштырып, үстүнө камырды коюп бышырышат. Айрым учурда чыбыктын ордуна кесмени касканга салып бышырса болот. Тамак даяр! Бышкан кургак кесмеге даяр шорпону аралаштырып же аз-аздан кошуп жесе болот.

Камыр сууга салынбай, бууга бышырылгандыктан, кургак кесме деп аталып калган. Бул тамак тез даярдалганы, колдо бар азыктар менен жасалганы жана оңой бышырылганы үчүн Көл кылаасында популярдуу деп айтылат.

Тема боюнча

Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары
Токиодогу Оштун самсасы: кыргызстандык жигит япондорду тамшандырууда
Белгилер:
бренд, суусундук, тамак, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ