Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүн батыш. Архив
Күн батыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү Кыргызстан боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Таласта +15…+20 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +17…+22 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +9…+14 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +19…+21 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0