Бүгүнтөн тарта президент болом дегендер талапкерлигин көрсөтө баштайт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүПодготовка к парламентским выборам в Киргизии
Подготовка к парламентским выборам в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалагандар президенттикке талапкерлигин 2017-жылдын 1-августуна чейин көрсөтө алат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын 15-июнунан тарта Кыргызстандын президенти болом дегендер талапкерлигин расмий түрдө көрсөтө алышат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-июнда президенттик шайлоонун күнүн 15-октябрь деп бекиткен токтом чыгарган.

"Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди көрсөтүү шайлоо датасын жарыялаган күндүн эртесинен баштап, тагыраагы 15-июндан тарта башталат", — деп түшүндүрдү Бегматов.

Ал талапкерлерди саясий партиялар, андан сырткары, өздөрү сунуштай ала тургандыгын айтып, арыздарын берүүгө уруксат кылынганын кошумчалады. Каалагандар талапкерлигин 2017-жылдын 1-августуна чейин көрсөтө алат.

Президентикке талапкер болом деген төрт саясатчы жөнүндө 25 факты тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0