Алайда аялын муунтуп өлтүрдү деп шектелген киши кармалды
15:02 23.11.2026 (Жаңыртылды: 15:04 23.11.2026)
Жазылуу
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Алай районунда жубайын өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алайда аялын муунтуп өлтүрдү деп шектелген киши
© Фото / Пресс-служба УВД Ошской области
Милицияга 21-ноябрда саат 12:00 чамасында алган жаракатынан улам каза болгон аял тууралуу кабар түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 21-ноябрга караган түнү М.Б. мас болуп келип, үйдөгү 36 жаштагы жубайы К.А. менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ош ОИИБинен белгилешкендей, жубайлар буга чейин үй-бүлөлүк чыр-чатак боюнча милицияга кайрылышкан эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.