https://sputnik.kg/20261113/kulikov-kazakstanga-kochpoyt-1104878058.html
Kulikov өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрбөй турганын билдирди
Kulikov өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрбөй турганын билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Kulikov компаниясы өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Компания Кыргызстан анын негизги... 13.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-13T13:20+0600
2026-11-13T13:20+0600
2026-11-13T13:20+0600
кыргызстан
торт
өндүрүш
казакстан
бизнес
кондитер цехи
https://sputnik.kg/img/101916/86/1019168691_0:92:3000:1780_1920x0_80_0_0_942ae64663e6352ee51f3023521fece0.jpg
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Kulikov компаниясы өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Компания Кыргызстан анын негизги өндүрүш жана өнүгүү борбору бойдон каларын, тескерисинче, өлкөдөгү кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди. Буга чейин айрым ЖМКларда компания майрамдык тортторду жана башка азыктарды чыгарган өндүрүшүн Бишкектен Алматыга көчүрөрү тууралуу маалымат тараган. Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Сыдыгалиеванын айтымында, Алматыда жаңы өндүрүш аянтчасы ачылат. Анда кондитердик азыктарды, майрамдык тортторду жана даяр тамактарды чыгаруу пландалууда. Бирок бул Кыргызстандагы өндүрүштү көчүрүү эмес, кошумча кубаттуулуктарды түзүү болуп саналат. Компаниянын маалыматына караганда, 2027-жылдын январында Кыргызстанда жаңы ири логистикалык комплекс ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле өлкөдө заманбап көп тармактуу фабрика куруу үчүн жер тилкесин издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, компания аймактардагы фирмалык дүкөндөрүнүн тармагын кеңейтүүдө. Быйыл Кара-Балта, Сокулук, Беловодское, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында жаңы дүкөндөр ачылган.
https://sputnik.kg/20230904/konditerdik-azyktary-eaehbge-ehksporttolot-1078339188.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101916/86/1019168691_329:0:3000:2003_1920x0_80_0_0_daadde532cf5f7c8769c0228b599b6d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, торт, өндүрүш, казакстан, бизнес, кондитер цехи
кыргызстан, торт, өндүрүш, казакстан, бизнес, кондитер цехи
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Kulikov компаниясы өндүрүшүн Кыргызстандан Казакстанга көчүрүү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Компания Кыргызстан анын негизги өндүрүш жана өнүгүү борбору бойдон каларын, тескерисинче, өлкөдөгү кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКларда компания майрамдык тортторду жана башка азыктарды чыгарган өндүрүшүн Бишкектен Алматыга көчүрөрү тууралуу маалымат тараган.
Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Сыдыгалиеванын айтымында, Алматыда жаңы өндүрүш аянтчасы ачылат. Анда кондитердик азыктарды, майрамдык тортторду жана даяр тамактарды чыгаруу пландалууда. Бирок бул Кыргызстандагы өндүрүштү көчүрүү эмес, кошумча кубаттуулуктарды түзүү болуп саналат.
Компаниянын маалыматына караганда, 2027-жылдын январында Кыргызстанда жаңы ири логистикалык комплекс ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле өлкөдө заманбап көп тармактуу фабрика куруу үчүн жер тилкесин издөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, компания аймактардагы фирмалык дүкөндөрүнүн тармагын кеңейтүүдө. Быйыл Кара-Балта, Сокулук, Беловодское, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында жаңы дүкөндөр ачылган.