https://sputnik.kg/20261104/orus-elinin-kuchu-emnede-1104713603.html
Затулин: орус элинин күчү — башка элдерди бириктире алганында
Затулин: орус элинин күчү — башка элдерди бириктире алганында
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын негизги күчү — ар түрдүү маданияттар менен элдерди бириктирип, сактап кала алгандыгында. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T17:48+0600
2026-11-04T17:48+0600
2026-11-04T17:48+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
ынтымак
тарых
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104708597_0:0:3132:1762_1920x0_80_0_0_e7a2d8bd11adf0908dbdd267a5b9c264.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын негизги күчү — ар түрдүү маданияттар менен элдерди бириктирип, сактап кала алгандыгында. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты. Президент Владимир Путин буга чейин Улуттар аралык мамилелер кеңешинин жыйынында сырткы күчтөр Россияны чачыратып, коомду бөлүүгө аракет кылып келгенин айткан. Бирок мамлекет башчы элдин биримдиги өлкөнүн суверенитетин сактап калуунун негизги фактору экенин баса белгилеген. Депутат эскерткендей, ХХ кылымда Россия эки жолу — 1917-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жана 1991-жылы Советтер Союзу тараганда ыдыраган. Ошондой эле ал сырттан болуп жаткан бөлүп-жаруу аракеттери Украинадагы окуялар жана миграция сыяктуу кыйынчылыктар менен коштолуп жатканын айтты. "Россиянын жарандары ички келишпестиктерге жол бербей, акылдуу болушу кажет. Бул — президенттин чакырыгы", — деп сөзүн жыйынтыктады депутат. Бүгүн Россияда Эл биримдигинин күнү белгиленүүдө. Майрамдын алкагында өлкө боюнча маданий, патриоттук жана коомдук бир катар иш-чаралар өтүп жатат.
https://sputnik.kg/20261104/ichi-buzuktar-rossiya-elin-bolup-zharyshy-mumkun-1104708838.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104708597_358:0:3089:2048_1920x0_80_0_0_4a3852e8fb4a716b667118580c9ee0a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, ынтымак, тарых
дүйнөдө, россия, владимир путин, ынтымак, тарых
Затулин: орус элинин күчү — башка элдерди бириктире алганында
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын негизги күчү — ар түрдүү маданияттар менен элдерди бириктирип, сактап кала алгандыгында. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин
РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
Президент Владимир Путин буга чейин Улуттар аралык мамилелер кеңешинин жыйынында сырткы күчтөр Россияны чачыратып, коомду бөлүүгө аракет кылып келгенин айткан. Бирок мамлекет башчы элдин биримдиги өлкөнүн суверенитетин сактап калуунун негизги фактору экенин баса белгилеген.
"Мамлекет куруучу катары орус эли жүздөгөн жылдар бою башка элдерди бириктирип, өз курамындагы маданияттарды сактап келе жатканы менен күчтүү. Дал ушул жетишкендик бизге мындай улуу өлкөнү түзүүгө шарт түздү", — деди Затулин.
Депутат эскерткендей, ХХ кылымда Россия эки жолу — 1917-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жана 1991-жылы Советтер Союзу тараганда ыдыраган. Ошондой эле ал сырттан болуп жаткан бөлүп-жаруу аракеттери Украинадагы окуялар жана миграция сыяктуу кыйынчылыктар менен коштолуп жатканын айтты.
"Россиянын жарандары ички келишпестиктерге жол бербей, акылдуу болушу кажет. Бул — президенттин чакырыгы", — деп сөзүн жыйынтыктады депутат.
Бүгүн Россияда Эл биримдигинин күнү белгиленүүдө. Майрамдын алкагында өлкө боюнча маданий, патриоттук жана коомдук бир катар иш-чаралар өтүп жатат.