https://sputnik.kg/20261104/96-shaarda-dobushkanalar-achylyshy-mumkun-1104701206.html
Президенттик шайлоодо 35 өлкөнүн 96 шаарында добушкана ачуу каралууда
Президенттик шайлоодо 35 өлкөнүн 96 шаарында добушкана ачуу каралууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T10:55+0600
2026-11-04T10:55+0600
2026-11-04T10:55+0600
кыргызстан
президенттик шайлоо
бшк
добуш берүү
тим
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098262474_311:299:3072:1852_1920x0_80_0_0_e2a7712cee1cb72a2da9946106818b85.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Анын айтымында, добушканаларды кайсы өлкөлөрдө ачуу керектиги боюнча сунушту Тышкы иштер министрлиги берет. Быйыл буга чейин шайлоо тилкелери болбогон Канада менен Латвияда да добушкана ачуу сунушталып жатат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген.
https://sputnik.kg/20261020/shajnazarovshajloodo-talapkerlerge-zhardam-beret-1104396147.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098262474_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_e4102d27188e971d9aab67ab168465a3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, добуш берүү, тим
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, добуш берүү, тим
Президенттик шайлоодо 35 өлкөнүн 96 шаарында добушкана ачуу каралууда
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, добушканаларды кайсы өлкөлөрдө ачуу керектиги боюнча сунушту Тышкы иштер министрлиги берет. Быйыл буга чейин шайлоо тилкелери болбогон Канада менен Латвияда да добушкана ачуу сунушталып жатат.
"Акыркы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө добуш берген кыргызстандыктардын саны 9 миңден 26 миңге чейин өскөн. Алдыдагы шайлоодо активдүүлүктү мындан дагы жогорулатканга аракет кылабыз", — деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген.