Шайназаров президенттик жарышта БШК талапкерлердин баарына жардам берерин айтты

© Фото / предоставлено пресс-службой Секретариата Совета МПА СНГ
Жазылуу
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо алдында бирөөнү өткөрбөй коюу же бут тосуу болбойт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Тынчтык Шайназаров "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
Ал президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык болушу керектигин айтып, БШК бардык талапкерге жардам берерин билдирди.
Шайназаров кыргыз тили сынагынан кулагандарга токтолуп, талапкерлер өздөрү да кайдыгер карабай бир аз даярданып койсо болмоктугун белгиледи.
"Мен муну жоопкерчилик менен айтып жатам, реалдуу конкуренция болуш керек. Келсин, 10 талапкер болобу, 20 талапкер болобу, 50 талапкер болобу, болушунча жардам берем. Эл чечсин. Биз "Кыргызтестке" да кайрылдык, аларды да түшүнсө болот. Мында адам фактору жок экенин, бардыгын компьютер чечерин айтып жатышат. Туура, кээ бирлеринде кыргыз болгондон кийин кантип эле тапшыра албай калмак элем деген ой болушу мүмкүн, бирок жоопкерчилик сезими да болуш керек да", — деген Шайназаров.
Алдыдагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШК талапкер болгусу келгендерден арыздарды ушул жылдын 13-ноябрына чейин кабыл алат.
