https://sputnik.kg/20261028/ehletke-logoped-psiholog-kerek-1104558355.html
Телефон тилди байлады. Депутат элетке логопед, психологдорду жиберүүнү талап кылды
Телефон тилди байлады. Депутат элетке логопед, психологдорду жиберүүнү талап кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда тили кеч чыккан жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж балдар көбөйүүдө. Буга гаджеттер негизги себеп катары каралып жатканын... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T11:39+0600
2026-10-28T11:39+0600
2026-10-28T11:39+0600
кыргызстан
таалайбек сарыбашов
гаджет
логопед
дефектолог
психолог
бала
https://sputnik.kg/img/07e8/02/06/1082501552_0:155:3071:1883_1920x0_80_0_0_8055bc436215d4affe67884820afd4f7.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда тили кеч чыккан жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж балдар көбөйүүдө. Буга гаджеттер негизги себеп катары каралып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. Эл өкүлү маселени чечүү үчүн ар бир районго логопед, дефектолог жана балдар психологдорун милдеттүү түрдө тартуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле Сарыбашов Билим берүү министрлигинен аймактардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана тили чыкпаган балдардын так санын аныктап чыгууну сунуштады.
https://sputnik.kg/20261014/uura-emes-tamaktanuu-ooru-bala-1104279904.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/06/1082501552_264:0:2995:2048_1920x0_80_0_0_39c03e45f893b0149e673bcb260e0932.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, таалайбек сарыбашов, гаджет, логопед, дефектолог, психолог, бала
кыргызстан, таалайбек сарыбашов, гаджет, логопед, дефектолог, психолог, бала
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда тили кеч чыккан жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж балдар көбөйүүдө. Буга гаджеттер негизги себеп катары каралып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Эл өкүлү маселени чечүү үчүн ар бир районго логопед, дефектолог жана балдар психологдорун милдеттүү түрдө тартуу зарылдыгын айтты.
"Менимче, мунун баарына телефон себеп болууда. Биз адистерди алыскы аймактарга барууга кызыктырышыбыз керек, ал үчүн айлык акыларын жогорулатуу шарт. 2027-жылдын бюджетин кабыл алууда ушул маселени сөзсүз эске алуу кажет", — деди депутат.
Ошондой эле Сарыбашов Билим берүү министрлигинен аймактардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана тили чыкпаган балдардын так санын аныктап чыгууну сунуштады.