https://sputnik.kg/20261009/bishkek-korkun-buzgan-biznes-borbor-3-kabat-buzulat-1104184292.html
Бишкектин көркүн бузган имараттын 3 кабаты алынышы мүмкүн
Бишкектин көркүн бузган имараттын 3 кабаты алынышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашып, калаанын көркүн бузуп жаткан бизнес-борбордун үстүңкү кабаттары алынышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T11:21+0600
2026-10-09T11:21+0600
2026-10-09T15:14+0600
кыргызстан
бишкек
мэрия
имарат
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104186613_0:480:2560:1920_1920x0_80_0_0_5c0c489f17948be041c47071c4c17752.jpg
БИШКЕК, 9-окт — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашып, калаанын көркүн бузуп жаткан бизнес-борбордун үстүңкү кабаттары алынышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев шаар тургунунун кайрылуусуна жооп берип жатып билдирди.Шаар тургуну аталган имарат борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүнө туура келбей, көркүн бузуп жатканын айтып кайрылган. Мэр бул пикирге кошулуп, курулуш чындыгында эле "жалпы форматка төп келбей турганын" белгиледи.Калаа башчысынын айтымында, маселе бир канча убакыттан бери куруучу компания менен талкууланып жатат.Мэр имарат ээлери ортосунда макулдашуу табылары менен маселе чечилерин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261008/bir-neche-avtobustun-marshrutu-ozgordu-1104161335.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104186613_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_b26277d4e15e4a29ec23f3e896620ea9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мэрия, имарат
кыргызстан, бишкек, мэрия, имарат
Бишкектин көркүн бузган имараттын 3 кабаты алынышы мүмкүн
11:21 09.10.2026 (Жаңыртылды: 15:14 09.10.2026) БИШКЕК, 9-окт — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашып, калаанын көркүн бузуп жаткан бизнес-борбордун үстүңкү кабаттары алынышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев шаар тургунунун кайрылуусуна жооп берип жатып билдирди.
Шаар тургуну аталган имарат борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүнө туура келбей, көркүн бузуп жатканын айтып кайрылган. Мэр бул пикирге кошулуп, курулуш чындыгында эле "жалпы форматка төп келбей турганын" белгиледи.
Калаа башчысынын айтымында, маселе бир канча убакыттан бери куруучу компания менен талкууланып жатат.
"Мен маселени дароо чечебиз деп калпычы болгум келбейт, анткени бул татаал процесс. Бирок ушунун тегерегинде бир топ убакыттан бери сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Куруучу компания менен сүйлөшүп, имараттын үстүңкү үч кабатын алып салуу боюнча сөз болду. Биз имарат ээлерине башка жерлерди сунуштап жатабыз. Бул имараттын эки кожоюну бар экен, экөө ич ара макулдашууга келиши керек", — деди Жунушалиев.
Мэр имарат ээлери ортосунда макулдашуу табылары менен маселе чечилерин кошумчалады.