https://sputnik.kg/20260929/goncharenko-kievdin-asmany-rossiyanyn-kozomolundo-1103962857.html
Рада депутаты: Киевдин асманы Россиянын көзөмөлүндө калды
Рада депутаты: Киевдин асманы Россиянын көзөмөлүндө калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* Украинанын борборунун асманы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн толук көзөмөлүндө экенин... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T09:29+0600
2026-09-29T09:29+0600
2026-09-29T09:37+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
атайын операция
киев
жогорку рада
асман
көзөмөл
https://sputnik.kg/img/102895/19/1028951966_0:0:3133:1762_1920x0_80_0_0_de4a92541041f5f62fef7ae6e913d4e4.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* Украинанын борборунун асманы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн толук көзөмөлүндө экенин мойнуна алып, бул көрүнүштү өлкө бийлигине чыккан “өкүм” деп баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ошондой эле депутат Украинанын абадан коргонуу системасында эмне болуп жатканына кызыгып жана баш калаа алдыдагы кышты кантип өткөрөрү боюнча суроо салган.Politico басылмасы 18-сентябрда Украинанын НАТОдогу элчиси Алена Гетманчукка шилтеме берип, украин бийлиги союздаштарына абадан коргонуу ракеталарын азырынча кампадагы запастардан бере турууну, кийинчерээк Киев алардын ордун келишимдер аркылуу толтуруп берүүнү сунуштаганын кабарлаган. Гетманчук өлкөдө абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жетишсиздигин жана Батыштагы өнөктөштөр өздөрүнүн акыркы запастарын берүүгө даяр эместигин билдирген.Жакында эле Владимир Зеленский да абадан коргонуу ракеталарынын тартыштыгынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды атып түшүрө албай жатканын моюнга алган.Россия Украинага курал-жарак жеткирүү тынчтык жараянына кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн куралдуу жаңжалга түздөн-түз тартып жатканын жана мындай аракеттер “от менен ойноо” экенин эскертип келет. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак жүктөлгөн ар кандай жүк россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасына айланарын белгилеген. Кремлден да Батыш өлкөлөрүнүн Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзбөй турганын жана терс кесепеттерге алып келерин бир нече ирет эскертишкен.* Россия Федерациясында террористтер менен экстремисттердин тизмесине киргизилген.
https://sputnik.kg/20260928/ukrainanyn-premeri-elin-belin-bekem-kurchoogo-chakyrdy-1103940292.html
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102895/19/1028951966_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_9d903a6e54c55e9e8210ac3869a56e5c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, киев, жогорку рада, асман, көзөмөл
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, киев, жогорку рада, асман, көзөмөл
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* Украинанын борборунун асманы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн толук көзөмөлүндө экенин мойнуна алып, бул көрүнүштү өлкө бийлигине чыккан “өкүм” деп баалады. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. “Россиялыктар Киевдин асманын ээлеп алышты. Өлкө борборунун асманы, түпкүлүгүндө, толугу менен Россиянын көзөмөлүндө. Бул бийлик үчүн кандай өкүм экенин билбейм”, — деп жазды Гончаренко* өзүнүн Telegram каналына.
Ошондой эле депутат Украинанын абадан коргонуу системасында эмне болуп жатканына кызыгып жана баш калаа алдыдагы кышты кантип өткөрөрү боюнча суроо салган.
Politico басылмасы 18-сентябрда Украинанын НАТОдогу элчиси Алена Гетманчукка шилтеме берип, украин бийлиги союздаштарына абадан коргонуу ракеталарын азырынча кампадагы запастардан бере турууну, кийинчерээк Киев алардын ордун келишимдер аркылуу толтуруп берүүнү сунуштаганын кабарлаган. Гетманчук өлкөдө абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жетишсиздигин жана Батыштагы өнөктөштөр өздөрүнүн акыркы запастарын берүүгө даяр эместигин билдирген.
Жакында эле Владимир Зеленский да абадан коргонуу ракеталарынын тартыштыгынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды атып түшүрө албай жатканын моюнга алган.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү тынчтык жараянына кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн куралдуу жаңжалга түздөн-түз тартып жатканын жана мындай аракеттер “от менен ойноо” экенин эскертип келет. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак жүктөлгөн ар кандай жүк россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасына айланарын белгилеген. Кремлден да Батыш өлкөлөрүнүн Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзбөй турганын жана терс кесепеттерге алып келерин бир нече ирет эскертишкен.
* Россия Федерациясында террористтер менен экстремисттердин тизмесине киргизилген.