https://sputnik.kg/20260928/osh-jany-ktb-unaa-kattoo-borboru-tumanbaev--1103952722.html
Ошто мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн эки жаңы заманбап комплекс ачылды
Ошто мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн эки жаңы заманбап комплекс ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты. 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T17:00+0600
2026-09-28T17:00+0600
2026-09-28T17:00+0600
кыргызстан
ош
президентинин иш башкармалыгы
каныбек туманбаев
калкты тейлөө борбору
автоунаа
каттоо
бөлүм
имарат
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103952866_30:0:1264:694_1920x0_80_0_0_74b02fb2fd4bd27d0245020f7b6b9093.jpg
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты. Эки мамлекеттик мекеме Көкүм бий көчөсү, 194–195А дарегиндеги комплексте жайгашкан. Комплекстин "А" блогунда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, автолаборатория, конференц-зал, кызматкерлердин бөлмөлөрү жана жарандар үчүн күтүү залдары каралган. Ал эми комплекстин "Б" блогунда "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашкан. Жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта тейлөө залы, электрондук кезек системалары, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал бар. Жаңы борбордо 38 адис күнүнө 1 500 жаранды тейлей алат. Имараттар президенттин фондунун жана президенттин иш башкармалагынын каржылык колдоосу менен тургузулуп, курулушка жер тилкесин Ош шаарынын мэриясы бөлүп берген.
https://sputnik.kg/20241022/bishkekte-uluttuk-futbol-akademiyasy-achyldy-1089670598.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103952866_185:0:1110:694_1920x0_80_0_0_cd3b45389f1b51d2435b4cdf4dbb6bc8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, президентинин иш башкармалыгы, каныбек туманбаев, калкты тейлөө борбору, автоунаа, каттоо, бөлүм, имарат
кыргызстан, ош, президентинин иш башкармалыгы, каныбек туманбаев, калкты тейлөө борбору, автоунаа, каттоо, бөлүм, имарат
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты.
Эки мамлекеттик мекеме Көкүм бий көчөсү, 194–195А дарегиндеги комплексте жайгашкан.
Комплекстин "А" блогунда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, автолаборатория, конференц-зал, кызматкерлердин бөлмөлөрү жана жарандар үчүн күтүү залдары каралган.
"Борбордун теориялык экзамен тапшыруу залы бир убакта 62 талапкерди кабыл алат. Ал эми практикалык сынакты өткөрүү үчүн жалпы аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулган. Кызмат көрсөтүүлөр "бирдиктүү терезе" принциби менен онлайн жана офлайн-форматта жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми комплекстин "Б" блогунда "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашкан. Жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта тейлөө залы, электрондук кезек системалары, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал бар. Жаңы борбордо 38 адис күнүнө 1 500 жаранды тейлей алат.
Имараттар президенттин фондунун жана президенттин иш башкармалагынын каржылык колдоосу менен тургузулуп, курулушка жер тилкесин Ош шаарынын мэриясы бөлүп берген.

22 Тогуздун айы 2024, 21:49